29-октябрда Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан Бишкектеги “Ататүрк” сейил багында уюштурулган гүлчамбар коюу салтанаты менен Түркия Республикасынын 102 жылдыгы белгиленди.
Иш-чарага Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем жана элчиликтин өкүлдөрү, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилиги, окутуучулары жана студенттери, Кыргызстандагы Түркия элчилигинин Билим берүү кеңешчилигине караштуу мектептердин мугалимдери жана окуучулары, ар кандай уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Салтанаттуу азем Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар коюу менен башталды. Алгач Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем элчиликтин атынан Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар койду. Андан соң Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты, Режеп Таййип Эрдоган атындагы Бишкек мамлекеттик Кыргыз–Түрк достугу ооруканасы, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (ТИКА), Түркия–Кыргызстан ишкерлер ассоциациясы, Бишкектеги Юнус Эмре институтунун Түрк маданий борбору жана Кыргызстандагы Ахыска түрктөр коому гүлчамбар коюшту.
Гүлчамбар коюлгандан кийин Ататүрктү, анын куралдаш жолдошторун жана бардык шейит кеткендерди эскерүү урматына бир мүнөттүк эскерүү аземи өткөрүлүп, андан соң Түркия Республикасынын гимни аткарылды.
Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем салтанатта сүйлөгөн сөзүндө, Республика – түрк элинин улуттук аң-сезиминин кайрадан жанданышынын символу экенин белгиледи. Өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолду: “Республика – түрк элинин миң жылдарга созулган тарыхый өздүгүн кайрадан жана эң күчтүү үн менен жарыялаган ыйык күн. Гази Мустафа Кемал Ататүрк бул жандануунун алдында турган улуу жолбашчы бойдон калууда.”
Өкем түрк улуттук аң-сезими – четке кагуучу эмес, тескерисинче, ачык жана биримдикке чакыруучу түшүнүк экенин баса белгиледи. Ошондой эле Түркия Президенти Режеп Таййип Эрдогандын “Түркиянын кылымы” концепциясына токтолуп, мындай деди: “Биз бул келечекти куруу күчүн Ататүрк ойготкон улуттук аң-сезимден алабыз.” Элчи өз сөзүн жыйынтыктап жатып мындай деди: “Республиканын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрктү жана бардык баатыр ата-бабаларыбызды ыраазычылык жана урмат менен эскеребиз. 29-октябрдагы Республика күнүңүздөр куттуу болсун!”
Аталган иш-чаранын жүрүшүндө Түркия Республикасынын Президенти Режеп Таййип Эрдогандын 29-октябрдагы Республика күнүнө арналган куттуктоосу окулду. Салтанат жалпы катышуучулардын эстеликке сүрөткө түшүүсү менен жыйынтыкталды.