"Манас" университетинде улуу жолбашчы Ататүрк урмат жана ызат менен эскерилди


  • 2025-11-11

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде улуу жолбашчы Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн дүйнөдөн өткөнүнүн 87 жылдыгына карата "10-ноябрь — Ататүрктү эскерүү күнү" белгиленди.

Иш-чара КТМУнун ректоратындагы конференция залында өткөрүлдү. Конференцияга Азербайжан Республикасынын Бишкектеги Элчиси Латиф Сейфаддин уулу Гандилов, Түркия Республикасынын Бишкектеги Элчилигинин миссия башчысынын орун басары Абдулкадир Яман, ТКТРнын Бишкектеги өкүлү Тахир Осман Тахир, Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (TİKA), КТМУнун биринчи проректору, саясий илимдердин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, проректорлор профессор Исмет Алтынташ жана профессор Камалбек Карымшаков, башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил, окутуучулар жана көптөгөн студенттер катышты.

Иш-чара эки мамлекеттин гимндердинин жаңырышы жана улуу жолбашчыны бир мүнөттүк эскерүү менен башталды. Андан соң Гази Мустафа Кемал Ататүрк тууралуу кыскача фильм көрсөтүлдү.

КТМУнун Биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев ачылыш сөзүндө Ататүрктүн бир гана мамлекет башчысы эмес, элдин тагдырын өзгөрткөн улуу реформатор болгонун белгиледи. Ал сөзүндө: "Улуу жолбашчы Мустафа Кемал Ататүрк — элдин тагдырын өзгөртүп, доордун нугун башка нукка бурган, илимди жана маданиятты мамлекеттин негизги тиреги катары орноткон улуу лидер. Анын эң белгилүү сөздөрүнүн бири — “Илим жана билим — келечектин негизи” — бүгүн биздин университеттин баалуулуктары менен үндөшүп турат. Ататүрктү эскерүү менен анын ой-пикирлерин, максаттарын, эл үчүн кылган эмгегин жана мурасын терең урмат жана ыраазычылык менен эстейбиз",- деп белгиледи.
Проректор Ибраев сөзүн: "Кечээ ата-бабаларыбызды эскердик, бүгүн болсо Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Ататүрктү эскерип жатабыз.
Баатырларыбызды унутпай, алардын осуяттарын жашоодо жетекчи принцип катары кармоо — ар бирибиздин парзыбыз", — деп жыйынтыктады.

Программа КТМУнун Гуманитардык факультетинин тарых бөлүмүнүн окутуучусу, профессор Муратбек Кожобековдун “Ататүрктүн мамлекеттик модели жана анын Кыргызстанга таасири” аттуу баяны менен уланды. Ал өз сөзүндө Ататүрктүн мамлекет куруу моделинин негизги принциптерин жана анын Кыргызстандагы саясий-коомдук өнүгүүгө тийгизген таасирин талдады.

Профессор Муратбек Кожобековго кошкон салымы үчүн КТМУнун биринчи проректору, доцент Алмаз Ибраев “Ыраазычылык катын” тапшырды.

Иш-чаранын аягында КТМУнун Көркөм өнөр факультетинин Түрк дүйнөсү оркестри Ататүрктүн сүйгөн ырларын аткарып, жүрөк толкуткан учурлар жаралды.

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинде өткөн "10-ноябрь — Ататүрктү эскерүү" программасы катышуучуларга терең урмат, ызаат жана биримдик сезимин тартуулап, улуу жетекчинин дүйнөлүк мурасын дагы бир жолу эске салды.

Программа эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

    Социалдык медиада бөлүшүү