2025-жылдын 14-ноябрында Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин (КТМУ) ректору, профессор Алпаслан Жейлан Османиедеги «Гөкай» мектептери уюштурган «Түрк дүйнөсүндө билим берүү» аттуу конференцияга катышты. Иш-чарага мектептин директору Хажы Ахмет Йылдырым, мугалимдер жана кызматкерлер катышып, программа чоң кызыгуу жаратты.
Ректор, профессор Жейлан өз сөзүндө Батыш борборлуу тарыхый түшүнүктөрдү илимий далилдер менен четке каккандарын белгилеп, түрктөрдүн Анадолудагы тарыхый издери байыркы доорлорго барып такаларын айтты. Түркияда кеңири тараган «түрктөр Анадолуга 1071-жылы келген» деген пикир чындыкка туура келбегенин айтып, бул түшүнүк Батыштагы идеологиялык чөйрөлөр тарабынан атайын жайылганын баса белгиледи.
Профессор Жейлан көп жылдан бери жүргүзүп келген Чыгыш Анадолу жана Кавказ аймактарына байланышкан илимий изилдөөлөрдө табылган материалдар түрктөрдүн Анадолудагы издери б.з.ч. II миң жылдыкка чейин созуларын көрсөтөрүн айтты. Өзгөчө Эрзурумдагы Жунни үңкүрү жана Карпузалан аймагынан табылган көк түрк жазуулары менен таш жазуулары түрк цивилизациясынын издерин дагы бир жолу далилдей турганын белгиледи. Бул тарыхый табылгалар түрк дүйнөсүнүн Анадолу менен байланышына илимий негиз кошуп жатканын айтты.
«Зергерчиликте жана кол өнөрчүлүктө түрк эли миңдеген жылдар бою алдыңкы болгон»
Ректор, профессор Жейлан түрк кол өнөрчүлүгү тууралуу да сөз кылып, түрктөрдүн зергерчилик жана устачылык өнөрү башка элдерден үйрөнүлгөн эмес экенин белгиледи. Б.з.ч. V кылымга таандык «Алтын адамдын» көрүнөн табылган 4 миңден ашык алтын жасалга — түрк элинин илгерки доорлордон бери өнүккөн, татаал кол өнөрчүлүк маданияты болгонун далилдей турганын айтты.
«Алар эл боло электе, биз алтындан кийим жасай алган деңгээлдеги өнүккөн өнөрү бар эл болчубуз» — деп профессор Жейлан түрк өнөрүнүн терең тарыхына токтолду.
Профессор Жейлан ошондой эле Анадолу менен Түркстанды бириктирген маанилүү археологиялык далилдерге токтолуп, Хаккари аймагынан табылган жана Борбордук Азиядагы балбал таштарга окшош таш айкелдер бул эки аймактын ортосундагы күчтүү тарыхый байланышты көрсөтөрүн айтты. Түрктөр Батыш адабиятында сүрөттөлгөндөй «маданиятсыз көчмөн» эмес, кыймылдуу, бирок жаз-жайлоо жана кыштоо системасы бар өнүккөн цивилизациянын ээси болгонун баса белгиледи. Бул чындык таш жазуулар жана ар түрдүү тарыхый булактар менен тастыкталганын кошумчалады. Өзүнүн изилдөөлөрүндө Османиенин мурдагы губернатору Исмаил Фырат жана Эрзинжандын губернатору Режеп Языжыоглунун чоң колдоосу болгонун айтты.
«Манас» университети — Түрк дүйнөсүнүн стратегиялык көк бөрүсү»
Ректор, профессор Жейлан сүйлөгөн сөзүндө КТМУнун Түрк дүйнөсүндөгү ордуна да токтолду. Ал университет аймактык биримдиктин «стратегиялык көк бөрүсү» экенин айтты. КТМУ дүйнөлүк деңгээлде маанилүү ийгиликтерге жетип, Түркиядагы 208 университеттин арасында QS рейтингинде 7-орунду ээлеп, Босфор университетинен кийинки эң ийгиликтүү жогорку окуу жайы болгонун билдирди.
Профессор Жейлан: «Богазичи университетинен кийинки орунда туруу — чоң сыймык. Университетибиз Түрк дүйнөсүндө руханий жаңылануунун лидери. Бизде билим берүү тилдери — түркчө жана кыргызча. Статистикалык маалыматтарга ылайык, КТМУнун салымы менен Кыргызстанда 56 миң 650 адам түрк тилин үйрөнгөн», — деп айтты.
Конференциянын соңунда профессор Жейлан Түркиядагы жаштарга жана илимпоздорго кайрылып, айрыкча Османиеден келүүнү каалаган студенттер үчүн КТМУнун эшиги ачык экенин билдирди. Студенттерге акысыз окуу, жатакана жана тамак-аш менен камсыздоо жана керек болсо Медицина факультетине да стипендия берилерин айтты.
Профессор Алпаслан Жейлан: «Ар бир жаш биздин университетке келип, Теңир-Тоонун демин сезиши керек. Барбаган жериң — сенин жериң эмес. Биз университетте бюрократияны жойдук, сүйүүгө негизделген башкаруу маданияты менен «Манас» университетин ийгиликке алып келдик. Түрк дүйнөсү биримдик, сүйүү жана илим менен көтөрүлөт», — деп сөзүн жыйынтыктады.