Кыргыз–Түрк “Манас” университетинин маалымат булагы болгон “Манас” телеканалына Түркиянын “Кабар операторлору” ассоциациясы тарабынан эл аралык коомдук телеберүү тармагындагы үлгүлүү салымы үчүн сыйлыкка татыды.
Aнкарадагы “15 Temmuz Demokrasi” атындагы музейде сыйлык тапшыруу аземи
Түркия Республикасынын Президенттикрезиденциясында жайгашкан “15 Temmuz Demokrasi” атындагы музейинде өткөн аземде, сыйлыкты “Манас” телеканалынын мүдүрү Бүлент Намалга Түркиянын “Кабар операторлору” ассоциациясынын төрагасы Айдын Полател тапшырды.
Аны менен катар аталган ассоцация төрагасы менен Улуттук телерадиоберүүү корпорациясынын жетекчиси Уланбек Сатиев кызматташуу протоколуна кол коюшту.
“TRT” башкы кеңсесине иш-сапар
Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинентинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, “Манас” телеканалынын мүдүрү Бүлент Намал, УТРК жетекчиси Уланбек Сатиев “TRT" жетекчиси Захид Собажы менен жолугушушту.
Өз кезегинде Бүлент Намал КТМУ ректору Алпаслан Жейландын саламын жеткирип, Захид Собажыны “Манас” университетине чакырды.
Ошондой эле жолугушууда “Түрк мамлекеттер уюму” алкагында “Түрк ЖМКлар” уюмун түзүүнүн мааниси TRT Avaz, “Манас” телеканалы жана УТРК менен биргелешкен орток долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу темалар талкууланды.
“TRT Avaz” координатору менен жолугушуу
Иш сапарынын алкагында “Манас” телеканалы мүдүрү, УТРК жетекчиси, “TRT Avaz” координатору Йүжел Кылычкая менен жолугушту.