Университетибиздин Чет тилдер жогорку мектебинин Тил даярдоо бөлүмүндө эмгектенген окутуучу Исмаил Шендин кадырлуу атасынын дүйнөдөн кайтканын терең кайгыруу менен кабыл алдык.
Маркумга Алла Тааладан ырайым, үй-бүлөсүнө, жакын туугандарына жана жакындарына кайраттуулук жана сабыр тилейбиз. Кайгысын тең бөлүшөбүз.
Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректораты