КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан Азербайжандын “İctimai” телеканалына маек берди


  • 2026-01-25

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан Азербайжандын “İctimai” мамлекеттик телеканалына маек берип, Түрк элдеринин курултайы жана Түрк дүйнөсүнүн орток баалуулуктары тууралуу пикирин билдирди.

Программаны Азербайжан Республикасынын Маданият министрлигинин басма сөз катчысы Орхан Фикретоглу алып барды. Маектин жүрүшүндө профессор Алпаслан Жейлан Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Борбор Азиядагы жогорку билим берүү тармагында ээлеген алдыңкы ролуна өзгөчө токтолду. Ошондой эле ал сапаттуу жана заманбап билим алууга умтулган азербайжандык жаштарды акысыз билим берүү мүмкүнчүлүгүн сунуштаган Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде билим алууга чакырды.

    Социалдык медиада бөлүшүү