Инженерлик факультетинин Тамак-аш инженерлиги бөлүмү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын түндүк жана түштүк региондору боюнча акциздик продукцияны өндүрүүнү контролдоо башкармалыгында иштеген салык кызматынын өкүлдөрүнө арналган “Таттуу суусундуктардын өндүрүшү” темасында окутуу тренингин уюштурду.
Бир жумага созулган семинардын алкагында катышуучуларга өндүрүш боюнча жалпы маалыматтар, ичимдиктерди өндүрүү үчүн чийки заттар жана ингредиенттер, ичимдик азыктарынын рецептурасын иштеп чыгуу, аларды өндүрүүнүн технологиялык процесстери жана микробиологиялык коопсуздугу, ичимдик өндүрүш жабдуулары, ичимдик азыктарынын сапатын көзөмөлдөө, ичимдиктерди куюу жана кутулоо, алардын сакталуу мөөнөтү жана сактоо, ичимдиктер үчүн нормативдер жана регламенттер боюнча кеңири окутуулар жүргүзүлдү.
Окутуу программасы аяктагандан кийин катышуучуларга сертификаттар тапшырылды. Билим берүү тармагын өнүктүрүүдө жетишкен ийгиликтери, кошкон өзгөчө салымы жана милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткаргандыгы үчүн КТМУнун проректору, профессор Камалбек Карымшаков “Ардак грамота” менен сыйланды.
Кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга кошкон өзгөчө салымы жана жигердүү кызматташтык үчүн Инженерлик факультетинин Тамак-аш инженерлиги бөлүмүнүн башчысы, т.и.к., доцент Анарсейит Дейдиевге жана бөлүмдүн окутуучулук курамына ыраазычылык каттары тапшырылып, окутуу программасы ийгиликтүү жыйынтыкталды.
КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан университеттин жөн гана билим берүү жана изилдөө иштери менен чектелбей, коомго салым кошкон практикалык иш-чараларга да жоопкерчилик алаарын баса белгилеп, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин мамлекеттик мекемелер менен кызматташтыкты чыңдаган, өзүнүн билим жана тажрыйбасын коомдун ар кыл катмарлары менен бөлүшкөн иштерин чечкиндүүлүк менен уланта берерин билдирди. Профессор Жейлан университеттин академиялык потенциалын коомдук пайдалуу иштерге айлантуу корпоративдик миссия экенин белгилеп, ушул түшүнүк менен окутуу жана кызмат көрсөтүү багытындагы иш-чаралардын көбөйүп, үзгүлтүксүз улантыларын кошумчалады.
КОРПОРАТИВДИК КОММУНИКАЦИЯЛАР КООРДИНАТОРЛУГУ