Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Көркөм өнөр факультети тарабынан түрк эл музыкасынын көрүнүктүү өкүлү, улуу өнөрпоз Ашык Вейселдин урматына арналган “Жерге арналган ырлар – Ашык Вейселди эскерүү” аттуу концерттик иш-чара уюштурулду.
Ректорлуктун жыйындар залында өткөн иш-чарага Түркия Республикасынын Бишкектеги Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги өкүлү Тахир Осман Тахир, Кыргыз-Түрк "Манас” университеттин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Бишкектеги Юнус Эмре институтунун Түрк маданият борборунун жетекчиси Синан Яман, Азербайжан Республикасынын Бишкектеги элчилигинин кызматкерлери, Режеп Тайип Эрдоган атындагы Бишкек Кыргыз-Түрк "Достук” ооруканасынын башкы дарыгери, ТҮКИД, ошондой эле көп сандаган окутуучулар, студенттер жана коноктор катышты.
Көркөм өнөр факультетинин музыка бөлүмүнүн окутуучулары жана студенттери сахнага чыгып, Ашык Вейселдин чыгармаларын тартуулашты. Программанын аягында Түркия Республикасынын Бишкектеги Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Өкем менен "Манас" университетинин ректору Жейлан иш-чараны уюштурууга салымын кошкондорго ыраазычылык билдирип, гүл тапшырды.
КОРПОРАТИВДИК КОММУНИКАЦИЯЛАР КООРДИНАТОРЛУГУ