Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан, Анадолу агенттигинин тарткан кадрлары аркылуу 2025-жылга өзгөчө из калтырган учурлар, окуялар жана турмушка байланыштуу сүрөттөр камтылган “Жылдын кадрлары” добуш берүүсүнө катышты.
Профессор Алпаслан Жейлан, Aнадолу агенттигинин кабарчылары жана фотожурналистеринин өлкө ичинде жана чет өлкөлөрдө тарткан, Roketsan, Ajet, Lifebox колдоосу менен даярдалган, “Жаңылык”, “Табигый жашоо жана айлана-чөйрө”, “Спорт”, “Күнүмдүк жашоо” жана бул жылы кошулган “Газзе: Ачарчылык” жана “Портрет” аталышындагы кадрлардан турган 6 категориядагы 112 сүрөттү карап чыкты.
Профессор Алпаслан Жейлан “Газзе: Ачарчылык” категориясында Али Жадаллахтын “Газзеде тамактануу көйгөйүн башынан өткөргөн Йезендин абалы начарлап жатат” аттуу сүрөтүн тандады. Ал эми “Портрет” категориясында Өзкан Билгиндин “Атчан адилеттик” аттуу сүрөтүнө добуш берди.
“Жаңылык” категориясында Мухаммед Абдуллах Куртардын “Бардык жерде” аттуу сүрөтүн тандаган профессор Жейлан, “Спорт” категориясында Агыд Эрди Улукаянын “Салт үй-бүлөдөн башталат” аттуу эмгегине добуш берди.
Профессор Жейлан “Табигый жашоо жана айлана-чөйрө” категориясында Умут Карахасаноулунун “Журтубуз жылдыздар” аттуу сүрөтүн тандаса, “Күнүмдүк жашоо” категориясында Элиф Өзтүрктүн “Башка бир дүйнө” аттуу сүрөтүнө добуш берди.
Ректор Алпаслан Жейлан тандоолордон кийин баа берип, сынакка коюлган бардык сүрөттөр чоң эмгектин жемиши экенин баса белгиледи. Анадолу агенттигинин кабарчыларын жана фотожурналисттерин ийгиликтүү иштери менен куттуктады.
КОРПОРАТИВДИК КОММУНИКАЦИЯЛАР КООРДИНАТОРЛУГУ