Ыйык Рамазан айын көп багыттуу өткөргөн университет


  • 2026-02-19

Кыргыз-Түрк “Манас” университети ыйык Рамазан айында социалдык тилектештиктен тартып маданият жана искусствого, академиялык мазмундан медиа берүүлөргө чейин камтыган иш-чаралар программасын даярдады. Университет кампустун ичинде жана коомдун ар түрдүү катмарларына багытталган иш-чаралар аркылуу ыйык Рамазан айынын руханий атмосферасын жашоонун бардык тармагына жеткирүүнү көздөйт.

Ыйык Рамазан айы 30 күн бою радио жана телекөрсөтүүдө

КТМУ ыйык Рамазан айында  “Манас” радио жана “Манас” ТВ аркылуу күн сайын көрүүчүлөр жана угармандар менен жолугушат.

“Ооз ачуу алдында” аттуу радио программасы 19-февралда башталып, 5-мартка чейин өз тармагынын адистеринин катышуусунда уланат. Программада «Орозонун артыкчылыктары жана өкүмдөрү», «Ислам цивилизациясында кайрымдуулуктун мааниси», «Рамазан айынын дүйнөлүк экономикага таасири», «Рамазан айы жана спорт», «Орозонун эмоцияны жөнгө салуу жана психологиялык туруктуулукка тийгизген таасири» жана «Орозо жана санарип доор: адам - сабыр, ылдамдык жана алгоритмдер ичинде» сыяктуу көптөгөн диний, социалдык жана актуалдуу темалар каралат.

“Mанас” телеканалында 19-февраль жана 20-март күндөрү ыйык Рамазан айына арналган атайын берүүлөр көрсөтүлөт. Кыргыз жана түрк ашканасынын маданиятын тааныткан программалар менен катар, күн сайын ар түрдүү темалар талкууланып, атайын коноктор чакырылат. «Ыйык Рамазан айынын мааниси», «Курандын ахлагы менен ахлакка ээ болуу», «Кадыр түн», «Ахмет Ясевинин таалимдери» жана «Майрам аң-сезими жана Сыла-и Рахим» аттуу темалар каралат.

Маданият жана искусство иш-чаралары

КТМУ ыйык Рамазан айындагы иш-чараларда жалаң маек жана берүүлөр менен гана чектелбестен, маданият жана искусство программаларын да өз ичине камтыйт. «Ыйык Рамазан айын маданият жана искусство программаларынын» алкагында ачык абада диний музыка концерти, ортеке оюну, театралдык көрсөтүү жана Түрк эл музыкасы концерти сыяктуу Ыйык Рамазан айынын руханий атмосферасын искусствонун эстетикалык тили менен айкалыштырган иш-чаралар өткөрүлөт.

Социалдык жоопкерчилик долбоорлору

Университет «Рамазан айынын социалдык жоопкерчилик программаларынын» алкагында коомдук тилектештикти жогорулатууга багытталган иш-чараларды да өткөрөт. Рамазан айы илимий жыйындары, мукабала программалары, аялдар үчүн атайын куран курстары жана Кадыр түн программалары менен катар муктаждарга рамазан баштыктары таратылат.

Студенттерге күн сайын акысыз ооз ачуу

Түркчө жана кыргызча даярдалган ооз ачар иш-чаралары менен бирге бардык студенттерге күн сайын акысыз ооз ачуу уюштурулат. Мындан тышкары, ыйык Рамазан айынын бөлүшүү жана тилектештик рухун кампустан тышкары жайылтуу үчүн ачык асман алдында ооз ачуу саамалыгы уюштуруулары, жетим балдарга жана карылар үйлөрүнө арналган ооз ачуу программалары да өткөрүлөт.

Зыяраттар менен көңүл көпүрөлөрү курулат

«Ыйык Рамазан зыяраттары» алкагында медреселер, Арашан Теология факультети, Юнус Эмре институту, түрк ишкерлеринин ассоциациялары, балдар үйү жана карылар үйлөрү зыярат кылынат. Бул маанилүү иш-чаралар аркылуу университеттин коомдук жоопкерчилик аң-сезими жана мекемелер аралык тилектештик түшүнүгү бекемделет.

    Социалдык медиада бөлүшүү