КТМУнун студенттери республикалык фестивалда экинчи орунду ээледи


  • 2026-02-23

Кыргыз-Түрк “Манас”университетинин студенттери Бишкек шаарында өткөн «Кыргыз ырлары чет өлкөлүк студенттердин аткаруусунда» аттуу республикалык фестивалда ийгиликтүү катышып, экинчи орунду ээледи.

Фестиваль Эл аралык эне тил күнү алкагында жана “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгужолу жөнүндөгү Жарлыгынын негизинде Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлдү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы менен К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин кызматташтыгы менен уюштурулду.

Фестивалдын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев жана КТМУнун атынан биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев катышты. Ошондой эле көптөгөн университет жетекчилери, окутуучулар, студенттер жана маданияттын өкүлдөрү да болду.

10 жогорку окуу жайдын арасында ийгилик

Өлкө боюнча 10 жогорку окуу жай катышкан сынакта студенттер саламдашуу, кыргыз улуттук ырларын аткаруу жана салттуу бийлерди көрсөтүү боюнча өнөрлөрүн тартуулашты.

КТМУнун атынан сахнага чыккан моңгол улутундагы студенттер кыргыз элдик ырларын өзгөчө интерпретация жана жогорку сахналык чеберчилик менен аткарышып, калыстар тобунун чечими менен экинчи даражадагы дипломго татыктуу болушту.

 “Мамлекеттик тил – маданий жоопкерчилик”

Фестивалда КТМУнун атынан катышкан биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев университеттин көп маданияттуу түзүлүшү кыргыз тилинин жана маданиятынын эл аралык деңгээлде таанылышына салым кошуп жатканын белгиледи. КТМУ мамлекеттик тилди сактоону жөн гана академиялык милдет эмес, ошондой эле маданий жоопкерчилик катары караларын билдирди.

Биринчи проректор, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев студенттердин ийгилигин университеттин ар кандай өлкөлөрдөн келген студенттерди бир маданий аянтта чогулткан түзүлүшүнүн айкын мисалы катары баалап, Кыргыз-Түрк “Манас” университети мамлекеттик тилди коргоо жана кыргыз маданий мурастарын кийинки муундарга өткөрүү багытындагы аракеттерге академиялык жана маданий иш-чаралар аркылуу салым кошо берерин белгиледи.

 “Тил – улуттук маданияттын негизи”

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Эл аралык эне тил күнү ар бир тил адамзаттын жалпы байлыгы экенин эске салды. Тил тарых, маданият жана улуттук иденттүүлүктүн негизи болгондугун жана  айрым тилдер жок болуу коркунучунда тургандыгын кошумчалады.

Кыргыз Республикасынын Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров улуттук баалуулуктарды, мамлекеттик тилди жана өзгөчө “Манас” эпосу чегинде руханий өнүгүүнү күчөтүүгө багытталган маанилүү кадамдар жасап жатканын эске салды. Кыргыз тилинде сүйлөгөн жана маданий иш-чараларга активдүү катышкан болжол менен 50 миңден ашык чет элдик студенттердин болушу кубанычтуу экенин белгиледи. Мындай иш-чаралар достукту жана маданий кызматташууну бекемдей тургандыгына токтолду.

Мамлекеттик тил жана тил саясаты улуттук комиссиясынын төрагасы Мелис Мураталиев эне тил улуттардын туруктуулугунда чечүүчү ролду ойной тургандыгын жана фестивалдын чет элдик студенттерге мамлекеттик тилди маданият жана искусство аркылуу үйрөтүүнү максат кылгандарын белгиледи.

 

КОРПОРАТИВДИК КОММУНИКАЦИЯЛАР КООРДИНАТОРЛУГУ

    Социалдык медиада бөлүшүү