Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарабынан ишке ашырылып келе жаткан «KTMУнун айылдарга жана мектептерге болгон сапарлары» аттуу социалдык жоопкерчилик долбоору 2026-жылдын жазгы семестринде Кыргызстандын ар кайсы аймактарында өткөрүлөт. Долбоордун алгачкы этабында Сүймөнкул Чокморов, Воронцовка жана Арашан айылдарына болгон сапарлар уюштурулду.
Долбоордун алкагында Сүймөнкул Чокморов айылындагы С. Чокморов атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде, Воронцовка айылындагы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде жана Арашан айылындагы Ф. А. Стрельникова атындагы жалпы билим берүү орто мектебинде окуучулардын, мугалимдердин жана айыл тургундарынын катышуусунда жолугушуулар өткөрүлдү.
KTMУ Туруктуу өнүктүрүү комиссиясынын жетекчиси, профессор Кемал Полат жана ветеринария, айыл чарба, педагогикалык кеңеш жана көмөк көрсөтүү тармактарындагы окутуучулардан түзүлгөн делегация катышкан бул иш-чараларда окуучуларга кесип тандоо, карьералык пландоо, убакытты натыйжалуу пайдалануу жана окууда ийгиликке жетүү боюнча семинарлар уюштурулду.
Мугалимдер менен болгон жолугушууларда билим берүүдө туш болгон көйгөйлөр талкууланып, ошол жерде жашаган тургундардын пикирлеринин негизинде чечүү жолдору сунушталды. Ошондой эле айыл тургундары менен болгон жолугушууларда университеттин илимий тажрыйбасы жана илим дүйнөсүндө болуп жаткан өнүгүүлөр тууралуу сөз болуп, заманбап айыл чарба жана мал чарбачылык ыкмалары боюнча маалымат берилди.
KTMУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан университеттердин милдети кампустун ичинде гана билим берүү эмес, ошол билимди коом менен бөлүшүп, жергиликтүү өнүгүүгө салым кошуу экендигин белгиледи. Ал «KTMУнун айылдарга жана мектептерге болгон сапарлары» аттуу долбоору бул түшүнүктү айгинелеп турган конкреттүү көрүнүшү экенин айтып, окуучулардын карьералык пландоосуна көмөк көрсөтүүнү, мугалимдер менен билим берүү процессин баалоону жана дыйкандар менен заманбап айыл чарба, мал чарбачылык тажрыйбасын бөлүшүүнү социалдык жоопкерчилик жана академиялык милдет катары көрөрүн билдирди.
Ошондой эле, профессор Жейлан университет менен коомдун интеграциясын чыңдаган мындай иш-аракеттер алдыда дагы аймактарга кеңири жайылтыларын кошумчалады.
КОРПОРАТИВДИК КОММУНИКАЦИЯЛАР КООРДИНАТОРЛУГУ