"Манас" университетинде аккредитациялоо процессинин алдын ала баалоо этабы аяктады


  • 2026-04-02

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде, Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан жүргүзүлүп келе жаткан институционалдык аккредитация жана билим берүү программаларынын көз карандысыз аккредитациялоо алкагындагы алдын ала баалоо этабы ийгиликтүү аяктады. Эки күндүк текшерүү жана жолугушуулардан кийин даярдалган алдына ала баалоо отчёту университетте уюштурулган жыйынтыктоочу жыйында талкууланды. Университетте биринчи жолу жүргүзүлгөн институционалдык аккредитациялоо процессинин алкагында академиялык программалар, сапатты камсыздоо тажрыйбалары жана институционалдык ишмердүүлүк ар тараптуу каралып чыкты.

Эки күн бою программалар жана институционалдык структура каралды

Аккредитациялоо иш-чараларынын жүрүшүндө 4 докторлук программа, 1 магистрдик программа, 1 факультет жана 2 кесиптик жогорку окуу жайынын программалары кеңири бааланды. Процесс учурунда бүтүрүүчүлөр, студенттер, ата-энелер, академиялык жана административдик кызматкерлер, ошондой эле жумуш берүүчүлөрдүн өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлдү. Өткөрүлгөн маектер жана кайтарым байланыштардын негизинде университеттин билим берүү жана окуу ишмердүүлүгү, институционалдык потенциалы жана сапат процесстери ар тараптуу текшерилди.

Алдын ала баалоонун натыйжалары жыйындын соңунда талкууланды

Аккредитациялоо отурумдары аяктагандан кийин, ректораттын жыйындар залында жыйынтыктоочу жыйын уюштурулду. Жыйында комиссия төрагалары жана эксперттер тобу даярдаган алдын ала баалоо отчёту окулуп, эки күндүк текшерүү процессинде алынган тыянактар, байкоолор жана жалпы баалоолор айтылды.

Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин директору, профессор Бактыбек Исмаилов жыйынтыктоочу жыйынында сүйлөгөн сөзүндо, "Манас" университети күчтүү инфраструктурасы, техникалык жабдуулары жана академиялык мүмкүнчүлүктөрү менен айырмаланган жогорку окуу жай экенин баса белгиледи. Профессор Исмаилов университеттин физикалык шарттары, билим берүү чөйрөлөрү жана академиялык түзүлүшү сапатты камсыздоо жагынан олуттуу потенциалга ээ экенин айтты. Ошондой эле алгачкы баалоо процесси университеттин өнүгүү багыттарын дагы даана көрсөтөөрүн белгиледи.

Эл аралык көрүнүктүүлүк жана сапат процесстери бирдей негизде бааланды

Профессор Исмаилов, "Манас" университетинин эл аралык рейтингдерде алган көрүнүктүүлүгү да институтционалдык өнүгүү жагынан да маанилүү экендигин белгиледи. Ал университеттин акыркы жылдары жогорку билимде көрүнүктүүлүгүн арттырган кадамдарын сапатка багытталган башкаруу менен бирге бааланууга тийиш экендигин айтты. Бул контекстте аккредитациялоо процесси университеттин учурдагы абалын гана өлчөбөстөн, келечектеги академиялык жана институтционалдык багыттарын бекемдеген өнүгүү куралы экенине басым жасады.

Ректор Алпаслан Жейлан: “Биз чоң максаттардын үстүндө иштеп жатабыз”

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейлан аккредитациялоо процесси учурдагы академиялык түзүмдү баалоодон тышкары, университеттин келечекке багытталган институционалдык визиясынын калыптандыруу үчүн да чоң мааниге ээ экенин белгиледи. Ректор аккредитация комиссиясынын жасаган баалоолорун, аныктамаларын жана сунуштарын абдан баалуу экендигин, бул процессти университеттин күчтүү жактарын көрсөтүүчү жана өнүгүүгө муктаж багыттарын так аныктоого мүмкүнчүлүк берген маанилүү жол картасы катары баалай тургандыгын билдирди. Ректор, профессор Жейлан жогорку билим берүүдө сапатты камсыздоонун негизги көрсөткүчтөрүнүн бири замандын талабына жооп бере алган сапаттуу жана туруктуу билим берүү программаларын ача билүү экенин баса белгиледи. Бул өңүттө университеттин академиялык өсүү стратегиясына токтолуп, Жейлан акыркы мезгилде, учурдун жана келечектин артык багыттары катарына көрүнгөн Жасалма Интеллект жана киберкоопсуздук программаларынын билим берүү структурасына киргизилгендигин маалымдады. Аталган бөлүмдөрдүн ачылышы университеттин өзгөрүп жаткан глобалдык муктаждыктарга жооп берүү жөндөмдүүлүгүн жана инновациялык академиялык мамилесин көрсөтөрүн белгилеген ректор Алпаслан Жейлан, эки программа тең тиешелүү академиялык даярдыктан кийин Кураторлор кеңешинин бекитүүсү менен ишке ашырылганын маалымдады. Профессор Жейлан өз сөзүндө санариптик трансформациянын тездетүү учурунда жасалма интеллект жана киберкоопсуздуктун техникалык гана эмес, коомдук, экономикалык жана институционалдык туруктуулук жагынан да стратегиялык мааниге ээ экенин белгилеп, бул жаңы багыттар университеттин сапатка багытталган өнүгүү визиясынын конкреттүү көрсөткүчү экенин белгиледи.

Биринчи проректор, саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев: “Аккредитация процесси сапатты чыңдоого салым кошот”

Биринчи проректор, саясий и. к., доцент Алмаз Ибраев институционалдык аккредитация жана билим берүү программаларынын көз карандысыз баалоо процесси университеттин сапатты камсыздоо саясаты үчүн маанилүү этап экенин билдирди. Биринчи проректор Ибраевдин өз сөзүндө аккредитациялоо иштеринин мааниси учурдагы академиялык жана административдик түзүмдү баалоо менен гана чектелбестен, билим берүү сапатын жогорулатуу, институционалдык иштин натыйжалуулугун чыңдоо жана университеттин улуттук жана эл аралык деңгээлдеги көрүнүктүүлүгүн жогорулатуу жагынан да чоң. Ал университеттин академиялык потенциалы, институционалдык тажрыйбасы жана сапатка багытталган башкаруу ыкмасы бул процесске чоң салым кошконун белгилеп, баалоо иштерине катышкан академиялык жана административдик персоналга ыраазычылыгын билдирди.

Комиссия ректорат менен баалоо жолугушуусун өткөрдү

Программа алкагында Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттигинин мүчөлөрү Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ректору, профессор Алпаслан Жейланды кызмат ордунда зыярат кылышты. Жолугушууда эки күндүк аккредитациялоо иштеринин жүрүшү, алынган алгачкы жыйынтыктар жана баалоо процессинин жалпы алкагы талкууланды. Комиссия мүчөлөрү билим берүү программаларынын сапаты, академиялык стандарттар жана университеттин институционалдык түзүлүшү боюнча байкоолорун бөлүшүп, университет жетекчилиги сапатты үзгүлтүксүз жогорулатууга болгон чечкиндүүлүгүн дагы бир жолу тастыктады.

    Социалдык медиада бөлүшүү