"Манас" университетинде “Жашыл мурас” демилгеси: Чыңгыз Айтматов кампусунда жашыл келечек үчүн иштер уланууда


  • 2026-04-25

Кыргыз–Түрк "Манас" университетинин Чыңгыз Айтматов атындагы кампусунда “Жашыл мурас” урааны менен жүргүзүлүп жаткан экологиялык багыттагы иштер үзгүлтүксүз уланууда.

Университеттин айлана-чөйрөнү коргоо жана бак-дарак отургузуу боюнча көз карашынын алкагында II этаптагы Түрк дүйнөсүнүн Ботаникалык бакчасында кеңири тазалоо иш-чарасы өткөрүлдү.

Иш-чарага КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, проректор, профессор Исмет Алтынташ жана башкы катчы, доктор Фатих Рамазан Истанбуллугил, ошондой эле студенттик жатаканалар башкармалыгы, университеттин кызматкерлери жана көптөгөн студенттер катышты. Ыктыярдуулук негизинде жүргүзүлгөн иштердин жүрүшүндө ботаникалык бакчанын аймагындагы таштар кылдаттык менен жыйналып, айлана-чөйрө иретке келтирилди. Натыйжада бакча дагы да таза, иреттүү жана жагымдуу көрүнүшкө ээ болуп, кампус ичинде туруктуу экологиялык маданиятты жайылтууга салым кошулду.

Ректор Жейлан: “Жашыл мурас жана ‘Келечекке дем’ көз карашы ишибизге шыктануу берет”

КТМУнуе ректору, профессор Алпаслан Жейлан Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун “Жашыл мурас” демилгесине өзгөчө маани берерин белгилеп, Түркия Республикасынын президенти Режеп Таййип Эрдогандын жетекчилиги астында ишке ашып жаткан бак-дарак отургузуу кампаниясы жана “Келечекке дем” долбоорлору бул багыттагы иштерге чоң түрткү экенин айтты.

Ректор "Манас" университети кампуста жыл сайын үзгүлтүксүз бак-дарак отургузуу иштерин жүргүзүп келе жатканын белгилеп: «Кампусубузду дагы да жашыл жана жашоого ыңгайлуу кылуу үчүн иштерибизди улантып жатабыз. Бүгүн да биргелешип II этаптагы Түрк дүйнөсүнүн Ботаникалык бакчасында таштарды жыйнап, аймакты иретке келтирдик», — деди.

"Манас" университетинде жашыл кампус үчүн биргелешкен эмгек

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар табиятка салым кошуу менен бирге биргелешип иштөөнүн жана жалпы максат үчүн биригүүнүн кубанычын сезишти. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында Чыңгыз Айтматов кампусу студенттер үчүн дагы да таза, иреттүү жана жашыл жашоо мейкиндигине айланып, кампустун бак-дарак фондун көбөйтүү жана жашыл чөйрөнү сактоо боюнча аракеттер өзгөчө баса белгиленди.

    Социалдык медиада бөлүшүү