МАГИСТРАТУРА
- Магистратура программасына тапшыра турган талапкердин базалык жогорку билими боюнча орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2 баллдан жогору болушу керек.
- Магистратура программасына тапшырган талапкер Кыргыз Республикасынын (КР) жараны болуп туруп, КР жана Түркия Республикасынын (ТР) жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан дипломдун нострификациялагандыгы тууралуу документти көрсөтүүсү зарыл. ТР жараны болуп туруп, ТР жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, өз өлкөсүнүн тийиштүү мекемеси тарабынан берилген дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документти көрсөтүүсү керек.
- ALES (жарамдуулук мөөнөтү 3 жыл) жана GRE, GMAT (жарамдуулук мөөнөтү 5 жыл) сыяктуу эл аралык сынактардын жыйынтыгы жазуу түрүндөгү сынактын ордуна эсептелинет. ALES сынагынын жыйынтыгы эң аз 55 балл болуусу шарт. Ал эми GRE, GMAT сынактарынын жыйынтыгы ALES сынагынын минималдык баллына (55 балл) дал келиши зарыл. Бул сынактардын минималдык баллы жазуу сынагынын 70 баллына туура келет. Аталган сертификаттардын ээлери оозеки сынак тапшырат. Ал эми сертификаттарга ээ болбогон талапкерлер жазуу жана оозеки түрүндөгү сынактарды тапшырууга милдеттүү.
ДОКТОРАНТУРА (PhD)
- Докторантура программасына магистратуранын бүтүрүүчүлөрү, беш жылдык жогорку билимге ээ дипломдуу адистер, ошондой эле бакалавр даражасына ээ болуу менен бирге Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан аныкталган тартипте бир лабораториялык багытта адистигин далилдеген сертификатка ээ болгон талапкерлер тапшыра алат. Талапкердин орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2.50 дөн жогору болушу зарыл.
- Докторантура программасына тапшырган талапкер КР жараны болуп туруп, КР жана ТР жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, КР Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги тарабынан дипломдун нострификациялагандыгы тууралуу документти көрсөтүүсү зарыл. ТР жараны болуп туруп, ТР жогорку окуу жайларынан башка бир окуу жайды бүтүргөн болсо, өз өлкөсүнүн тийиштүү мекемеси тарабынан берилген дипломдун нострификациялангандыгы тууралуу документти көрсөтүүсү керек.
- ALES (жарамдуулук мөөнөтү 3 жыл) жана GRE, GMAT (жарамдуулук мөөнөтү 5 жыл) сыяктуу эл аралык сынактардын жыйынтыгы жазуу түрүндөгү сынактын ордуна эсептелинет. ALES сынагынын жыйынтыгы эң аз 55 балл болуусу шарт. Ал эми GRE, GMAT сынактарынын жыйынтыгы ALES сынагынын минималдык баллына (55 балл) дал келиши зарыл. Бул сынактардын минималдык баллдары жазуу сынагынын 70 баллына туура келет. Аталган сертификаттардын ээлери оозеки сынак тапшырат. Ал эми сертификаттарга ээ болбогон талапкерлер жазуу жана оозеки түрүндөгү сынактарды тапшырууга милдеттүү.
- Докторантура программасына тапшыруу үчүн талапкер ТР “Студенттерди тандоо жана жайгаштыруу борбору” тарабынан өткөрүлгөн же Кыргыз-Түрк «Манас» университети тарабынан өткөрүлгөн чет тили сынагынан 50 баллдан жогору баллга ээ болуусу керек (жарамдуулук мөөнөтү – 3 жыл). Ошондой эле, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Окумуштуулар Кеңеши тарабынан бекитилген, эл аралык деңгээлде кабыл алынган чет тил сынактарынан тиешелүү баллга ээ болуусу зарыл. Чет тил боюнча эл аралык сынактардын баллы Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин “чет тили сынактарынын эквиваленттүүлүк таблицасына” жараша эсептелинет.
ЭЛ АРАЛЫК СТУДЕНТ
КР жана ТР сырткары башка өлкөлөрдүн жогорку окуу жайларын, КР жогорку окуу жайларын (билим берүү тили кыргызча же түркчө болбогон) бүтүргөн чет мамлекеттин жарандары, жана ошондой эле Кыргыз-Түрк «Манас» университети менен түзүлгөн эки тараптуу келишимдин негизинде тапшырып жаткан чет мамлекеттин жарандарын эл аралык студент катары кабыл алуу төмөнкү шарттардын негизинде жүргүзүлөт.
- Магистратура программасына тапшыра турган талапкердин базалык жогорку билими боюнча орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2 баллдан жогору болушу керек. Докторантура программасына магистратуранын бүтүрүүчүлөрү, беш жылдык жогорку билимге ээ дипломдуу адистер кабыл алынат. Талапкердин орточо жетишкендик баллы 4 баллдык баалоо системасы боюнча 2,50дөн жогору болушу талап кылынат.
- КР жана/же болбосо ТР жооптуу мекемелери тарабынан нострификацияланган диплом талап кылынат.
- Талапкерден чет тил боюнча сертификат талап кылынбайт. Талапкер өзү тандаган тилде оозеки түрдө билим сынагына кирет.