Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин (КТМУ) биринчи проректору, саясий и.к., доцент Алмаз Ибраев Казакстандын алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири болгон Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети (КазУУ) менен академиялык кызматташтык боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.
Биринчи проректор Ибраев КазУУнун Башкаруу кеңешинин мүчөсү жана академиялык иштер боюнча проректору, PhD, доцент Алина Кулбаевна Галеева менен жолугушту. Жолугушууга ошондой эле КазУУнун Философия жана саясат таануу факультетинин деканы, доцент Бекжан Мейрбаев катышты. Жолугушууда эки университеттин ортосундагы учурдагы кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, академиялык байланыштарды мындан ары өнүктүрүүгө багытталган маселелер каралды.
Жолугушууда студенттердин жана окутуучу-профессордук курамдын академиялык мобилдүүлүгү, биргелешкен илимий изилдөө долбоорлору, билим берүү тармагындагы кызматташтык жана келечекте ишке ашырыла турган орток демилгелер боюнча пикир алышты. Жогорку билим берүү тармагындагы интернационалдаштыруунун маанисине өзгөчө көңүл бурулуп, өз ара кызматташтыкты күчөтүү боюнча бир пикирге келишти.
КТМУнун биринчи проректору, доцент Алмаз Ибраев университеттер аралык академиялык байланыштарды өнүктүрүү студенттер жана окумуштуулар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгилеп, КазУУ менен өткөн жолугушуу келечектеги биргелешкен иштер үчүн маанилүү болгонун айтты.
КазУУнун академиялык иштер боюнча проректору Алина Галеева Борбордук Азиядагы алдыңкы университеттердин кызматташтыгын чыңдоонун маанисине токтолуп, мындай жолугушуулар бирдиктүү билим берүү мейкиндигин калыптандырууга, академиялык тажрыйба алмашууга жана аймактагы жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
Мындан тышкары, жолугушууда социалдык жана гуманитардык илимдер багытында биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүү, академиялык алмашуу программаларын кеңейтүү жана эл аралык деңгээлде атаандаша ала турган квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча кызматташтык мүмкүнчүлүктөрү да каралды.
Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети тууралуу
Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университети (КазУУ) Казакстандын эң бай тарыхка ээ жана алдыңкы жогорку окуу жайларынын бири болуп саналат. Университет 1934-жылы негизделген. Кеңири академиялык түзүмү, илимий борборлору жана эл аралык кызматташтыгы менен билим берүү жана илим тармагында маанилүү орунду ээлейт.
QS World University Rankings 2025-жылдын жыйынтыгына ылайык, университет дүйнөлүк рейтингде 166-орунду ээлеп, эл аралык академиялык жетишкендиктерин бекемдөөдө. Бул көрсөткүч КазУУну Борбордук Азиядагы эң күчтүү изилдөө университеттеринин бири катары таанытат.