КТМУда келечекке инвестиция: 1000 орундуу кыздар жатаканасынын пайдубалы түптөлдү


  • 2026-06-06

 

Кыргыз-Түрк «Манас» университети (КТМУ) 25-чыгарылыштын бүтүрүүчүлөрүн чоң сыймык менен узатып жатып, келечек муундар үчүн дагы бир маанилүү долбоордун башатын түптөдү. Бүтүрүү аземинин алдында университеттин аймагында курула турган 1000 орундуу заманбап кыздар жатаканасынын пайдубалын түптөө аземи өткөрүлдү.

Иш-чарага КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан, биринчи проректор, саясий илимдердин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев, проректорлор, башкы катчы, университеттин окутуучулары, кызматкерлери, студенттер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Ректор Жейлан: «Студенттерибиз үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү жумшап жатабыз»

КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан университет ар дайым студентке багытталган саясатты карманып келгенин белгилеп, студенттердин сапаттуу жана ыңгайлуу шартта билим алышы үчүн бардык мүмкүнчүлүктөр колдонулуп жатканын айтты.

«Биз үчүн убада берүү гана эмес, ошол убаданы аткаруу дагы маанилүү. Студенттерибизге берген убадаларыбызды акырындык менен ишке ашырып, университетибизди күн сайын өнүктүрүп жатабыз», – деди Жейлан.

«Бүгүн Манас университети үчүн тарыхый күн»

Ректор жаңы окуу жылынын алдында университеттин учурдагы жатаканаларында да кеңири оңдоо жана жаңылоо иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, студенттер үчүн коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүү боюнча даярдыктар уланууда.

Ал ошондой эле университеттин «Жашоочу кампус» концепциясынын алкагында окуу имараттары менен катар студенттердин социалдык жашоосун колдогон инфраструктуралык долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгиледи. Жаңы кыздар жатаканасы бул саясаттын эң көрүнүктүү мисалдарынын бири экенин айтты.

«Токтоп турган жокпуз, алдыда дагы көп иштер бар. Чоң максаттарга жетиш үчүн дагы көп эмгектенишибиз керек. Бүгүн биз Манас университетинин келечегин аныктай турган маанилүү кадамды жасап жатабыз», – деди ректор.

«Манас университети түрк дүйнөсүнүн жалпы келечегин куруп жатат»

Профессор Алпаслан Жейлан университеттин негизделиш идеясына да токтолуп, залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун төмөнкү сөздөрүн эске салды:

«Бир кезде ушул талааларда түрк дүйнөсүнүн орток университети курулуп, түрк дүйнөсүнүн жаштары бир чатыр алдында билим алат деп ким ойломок? Бүгүн ошол чоң кыял ишке ашты. Бул – Кудай берген чоң мүмкүнчүлүк».

Ректордун айтымында, бүгүн Манас университети ушул улуу идеянын эң маанилүү өкүлдөрүнүн бири болуп калды.

«Манаста билим алган жаштарыбыз түрк дүйнөсүнө, элине жана жалпы адамзатка кызмат кыла турган билимдүү, тажрыйбалуу жана баалуулуктарды сактаган инсандар болуп тарбияланып жатат», – деди ал.

Жейлан долбоордун ишке ашуусуна салым кошкон архитекторлорго, инженерлерге, техникалык кызматкерлерге жана бардык эмгек жамаатына ыраазычылык билдирип, жаңы жатакана университетке, студенттерге жана Кыргызстанга пайдалуу болушун каалады.

Алмаз Ибраев: «Студенттик жатаканалар Кыргызстан үчүн эң маанилүү муктаждыктардын бири»

Биринчи проректор, саясий илимдердин кандидаты, доцент Алмаз Ибраев КТМУ жогорку билим берүүнүн сапаты жана студенттерге болгон камкор мамилеси менен өлкөдөгү алдыңкы университеттердин бири экенин белгиледи.

Ал Кыргызстанда студенттик жатаканаларга болгон муктаждык жогору экенине токтолуп, университет бул маселени чечүү үчүн маанилүү долбоорлорду ишке ашырып жатканын айтты.

«Бүгүн студенттерибиздин эң маанилүү муктаждыктарынын бирине жооп бере турган баалуу долбоордун пайдубалын түптөп жатабыз. Бул инвестиция Манас университети үчүн гана эмес, Кыргызстандын жогорку билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүгө дагы чоң салым болот деп ишенем», – деди Ибраев.

Ал долбоор ийгиликтүү аяктап, келечекте миңдеген студенттер үчүн коопсуз, заманбап жана ыңгайлуу жашоо шарттарын түзөрүнө ишеним билдирди.

Жатакананын пайдубалы түптөлдү

Азем Куран окуу жана дуба кылуу менен уланды. Андан соң университеттин жетекчилиги, окутуучулар, кызматкерлер жана коноктор жаңы 1000 орундуу кыздар жатаканасынын пайдубалын түптөөгө катышышты.

25-бүтүрүүчүлөр келечектеги манасчылар үчүн салым кошту

КТМУнун 25-бүтүрүүчүлөрү бүтүрүү кубанычын бөлүшүп жатып, өздөрүнөн кийин окуй турган студенттер үчүн курула турган жатакананын пайдубалын түптөөгө да катышышты.

«Бизден кийинкилер үчүн бир кыш бизден» деген ураан менен бүтүрүүчүлөр келечектеги студенттерге өз салымдарын кошушту.

Бул азем бүтүрүүчүлөр менен келечектеги манасчылардын ортосунда символикалык көпүрө түзүп, Манас университетинин үй-бүлөлүк ынтымагын, муундардын байланышын жана жалпы келечекке болгон ишенимин дагы бир жолу көрсөттү.

Жаңы жатакана заманбап жашоо шарттарын камсыздайт

КТМУ тарабынан курулуп жаткан жаңы кыздар жатаканасы 1000 студентке ылайыкталып, алардын билим алуусуна, социалдык жана маданий өнүгүүсүнө көмөк көрсөтө турган заманбап комплекс катары пландалган.

Комплекс төрт өзүнчө жатакана имаратынан турат. Анын борборунда китепкана, ашкана, кафетерий жана жалпы пайдалануудагы эс алуу жайлары жайгашкан социалдык борбор курулат.

«Жашоочу кампус» концепциясынын маанилүү бөлүгү болгон бул инвестиция студенттердин коопсуз, ыңгайлуу жана заманбап шартта билим алуусуна өбөлгө түзөт. Долбоор аяктагандан кийин миңдеген студенттерге кызмат көрсөтүп, Манас университетинин студентке багытталган саясатынын жана келечекке болгон күчтүү көз карашынын дагы бир маанилүү көрсөткүчү болот.

    Социалдык медиада бөлүшүү