MANAS E-LAB долбоорунун бир жылдык жыйынтыгын баалоо семинары Измир Катип Челеби университетинде өткөрүлдү


  • 2026-06-19

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларында туруктуу ишкердик экосистемаларын түзүүнү максат кылган Европа Биримдиги тарабынан колдоого алынган “Студенттик ишкердик жана туруктуулукка багытталган жаңы ыкмаларды башкаруу – жергиликтүү аракеттерди өнүктүрүү (MANAS E-LAB)” долбоорунун бир жылдык жыйынтыгын баалоо семинары 2026-жылдын 18–19-июнь күндөрү долбоордун өнөктөштөрүнүн бири болгон Измир Катип Челеби университетинин базасында өткөрүлдү.

Семинарга Кыргызстан, Түркия жана Испаниядан келген өнөктөш уюмдардын өкүлдөрү катышты. Иш-чарага Кыргыз-Түрк “Манас” университетинен долбоордун координатору доцент Азамат Максүдүнов, ошондой эле изилдөөчүлөр доцент Сейил Нажимудинова жана окутуучу доктор Нургүл Карыбекова катышты. Долбоордун алгачкы сегиз айлык ишке ашуу процесси кеңири талданып чыкты. Семинардын биринчи күнүндө буга чейин аткарылган иштер, алынган жыйынтыктар жана долбоордун максаттарына жетүүдөгү прогресси каралып, кийинки этаптагы иштер боюнча пикир алмашуу болду.

Семинардын экинчи күнүндө Испания жана Түркиядан келген өнөктөштөрдүн катышуусунда “Окутуучуларды окутуу” программасы уюштурулду. Программада ишкердикти окутуу, инновациялык окутуу ыкмалары жана ишкердик экосистемасын өнүктүрүүгө байланышкан эл аралык мыкты тажрыйбалар катышуучуларга сунушталды. Ошондой эле долбоор алкагында даярдалган окуу материалдары бааланып, ишке ашыруу процесстерине тиешелүү сунуштар талкууланды.

Кыргызстандагы ишкердик экосистемасына салым

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин координаторлугу астында жүргүзүлгөн MANAS E-LAB доолбору Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын ишкердикке багытталган үчүнчү муундагы университет миссиясын күчөтүүнү, студенттердин ишкердик билим жана көндүмдөрүн өнүктүрүүнү жана университет–өнөр жай кызматташтыгын кеңейтүүнү максат кылууда.

Долбоор алкагында түзүлө турган ишкердик лабораториялар, иштелип чыга турган окуу программалары жана эл аралык кызматташтыктар аркылуу Кыргызстанда туруктуу жана инновациялык ишкердик экосистемасын калыптандырууга салым кошуу көздөлүүдө.

 

    Социалдык медиада бөлүшүү