Урматтуу студенттер!
Медициналык кароодон өтүү жана жатаканага жайгашуу үчүн төмөнкү документтер талап кылынат:
1. Акыркы 3 ай ичинде жасалган өпкөнүн флюорографиясынын же рентгенографиясынын жыйынтыгы (дарыгердин корутундусу жана рентген пленкасы же санариптик көчүрмөсү) менен.
Текшерүүдөн жашаган жериңиздеги медициналык мекемелерден же төмөндө көрсөтүлгөн саламаттык сактоо уюмдарынан өтүүгө болот:
№6 Үй-бүлөлүк медицина борбору — Бишкек ш., Жукеев-Пудовкин көчөсү, 75;
«Ырыс жана Ден Соолук» медициналык борбору — Бишкек ш., Байтик Баатыр көчөсү, 1А;
«ЮРФА» клиникасы — Бишкек ш., Токтогул көчөсү, 135; ошондой эле башка медициналык мекемелерде.
2. Чет өлкөлүк жарандар үчүн: ВИЧке анализдин жыйынтыгы.
Анализди Бишкек ш., Логвиненко көчөсү №8 дарегиндеги “СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборунда”, жашаган жери боюнча же башка мамлекеттик жана жеке лабораторияларда тапшырууга болот.
3. Майыптыгы бар студенттер үчүн: майыптыгын тастыктаган документтин көчүрмөсү.
ДККнын корутундусун тапшыруу милдеттүү. Эгер бар болсо, медициналык картадан көчүрмө да тиркөө сунушталат.
4. Студенттик маалымкат же студенттик билет.
Медициналык кароодон өтүүдө жана жатаканага жайгашууда кечигүүлөр болбошу үчүн бардык керектүү документтерди алдын ала даярдап келүүңүздөрдү өтүнөбүз.
КТМУ «Манас» ден соолук борбору