Бишкекте 30-август Жеңиш майрамынын 104 жылдыгы белгиленди


  • 2026-08-30

30-август Жеңиш майрамынын 104 жылдыгына карата Бишкек шаарындагы Ататүрк паркында гүл чамбар коюу аземи болуп өттү. Иш-чарага Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин ректору, проф. др. Алпаслан Жейлан да катышты.

Түркия Республикасынын көз карандысыздык үчүн күрөшү жеңиш менен аяктаган 30-август Жеңишинин 104 жылдыгы Бишкекте уюштурулган салтанаттуу азем менен эскерилди. Ататүрк паркында өткөрүлгөн программага дипломатиялык миссиялардын өкүлдөрү, түрк мекеме-уюмдарынын жетекчилери, академиктер жана чакырылган коноктор катышты.

Ататүрк эстелигине гүл чамбар коюлду

Азем Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн Ататүрк паркындагы эстелигине гүл чамбарларды коюу менен башталды.

Түркия Республикасынын Бишкектеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин Камкорчулар кеңешинин төрагасы, профессор Ибрахим Чапак, КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан менен бирге Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА), Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Бишкектеги өкүлчүлүгү, Кыргызстан Ахыска түрктөрү коому, Түрк ишкерлер коому (TÜKİD) жана Юнус Эмре институтунун өкүлдөрү Ататүрк эстелигине гүл чамбар коюшту.

Гүл чамбарлар коюлгандан соң Түркия Республикасынын негиздөөчүсү Гази Мустафа Кемал Ататүрк, анын куралдаш жолдоштору жана Мекендин көз карандысыздыгы үчүн жанын аябаган азиз шейиттердин элесине багышталып бир мүнөттүк эскеруу, андан соң Түркиянын Мамлекеттик гимни (İstiklal Marşı) ырдалды.

Президенттин 30-Август кайрылуусу окулду

Аземде Түркия Республикасынын Президентинин 30-Август Жеңиш майрамынын 104 жылдыгына карата жолдогон куттуктоо кайрылуусу окулду. Кайрылууда Улуу Жеңиш түрк элинин эркиндикке жана көз карандысыздыкка болгон эркинин эң күчтүү далилдеринин бири экендиги баса белгиленип, Гази Мустафа Кемал Ататүрктүн жетекчилиги астындагы 30-Август Жеңишинин Түркия Республикасын түптөө жолундагы тарыхый маанисине көңүл бурулду. Мекен үчүн жан аябай кызмат кылган азиз шейиттер менен ардагерлер терең урматоо жана ыраазычылык менен эскерилди.

Программанын уландыcында Түркия Республикасынын Бишкектеги Элчилигинин Аскердик аттешеси Албай Толга Такымжы сөз сүйлөдү. Андан соң Түркия Республикасынын Бишкектеги Элчиси Мекин Мустафа Кемал Өкем катышуучуларга кайрылуу жасады.

30-Август Жеңиш майрамына карата өткөрүлгөн бул азем Түркия Республикасынын көз карандысыздык күрөшүнүн тарыхый маанисин жана бул күрөштү жеңишке жеткирген баатырларды дагы бир жолу эске салууга өбөлгө түздү.

Кыргызстандагы түрк мекеме-уюмдарынын өкүлдөрүнүн башын бириктирген программа катышуучулардын Ататүрк эстелигинин алдында эстеликке сүрөткө түшүү менен аяктады.

    Социалдык медиада бөлүшүү