Бул изилдөөнүн максаты — Кыргызстанда расмий түрдө иш алып барган кийим өндүрүү технологиясы тармагындагы чакан, орто жана ири ишканалардын кесиптик лицейлерден болгон күтүүлөрүн изилдөө болуп саналат. Бул максатка ылайык, Бишкек шаарынын борборунда жайгашкан чакан, орто жана ири масштабдагы текстиль фабрикаларынын жана өндүрүш ишканаларынын жетекчилери менен маектешүүлөр өткөрүлгөн.
Изилдөө феноменологиялык моделге ылайык иштелип чыккан жана сыпаттама мүнөзгө ээ. Бул контекстте катышуучуларга Кыргызстандын текстиль сектору үчүн адистерди даярдаган кесиптик окуу жайлары тууралуу суроолор берилип, алардын жеке тажрыйбасына негизделген ой-пикирлери алынган.
Изилдөө тобу максаттуу тандоо ыкмаларынын бири болгон критерийлер боюнча тандоо техникасына ылайык аныкталган 10 текстиль ишканасынын жетекчисинен куралган. Бир жетекчиден башкасынын баары менен маектешүүлөр бетме-бет форматында өткөрүлдү. Катышуучуларга кесиптик билим берүүдөн болгон күтүүлөрү жана квалификациялуу кызматкерде кандай компетенттүүлүктөр болушу керектиги боюнча суроолор берилген. Изилдөөнүн жыйынтыгында Кыргызстандагы өнөр жай-мектеп кызматташтыгынын негизинде сектордун окуу жайлардан күтүүлөрү аныкталып, тиешелүү сунуштар берилген.
Негизги сөздөр: Кесиптик билим берүү, Кыргызстан, Текстиль сектору.