Диндин негизги булагы

Диндин негизги булагы Ислам дининин көз карашында адамдарга дин Алла Таала тарабынан жиберилген. Ал динди адамдарга вахий аркылуу жеткирген. Адамдар чыныгы динди бузбаса эле, дин жашай берет. Биринчи адам дагы биринчи пайгамбар жана ага түшүрүлгөн дин – таухид дини. Аллахтын бар жана жалгыз экендиги, пайгамбарга жана акыретке ишеними бардык илахий диндердин өзгөрүлгүс өзгөчөлүктөрү. Ушул себептен Азирети Адам атадан Азирети Мухаммедге (с.а.в.) чейин келген бардык пайгамбарлар алып келген чыныгы диндердин жалпы аты “Ислам”. Бирок, убакыттын өтүшү менен адамдар акыйкат динден алыстап, туура эмес жолго, туура эмес ишенимдерге кирип кетишти. Ушул себептен Аллах адамдарга кайрадан пайгамбарларды жиберип, аларды акыйкат динге чакырган. (İlmihal-I, Diyanet İşleri Başkanlığı)