Ишеним мазхабтары б. Ашьария:

Акаид жөнүндө, Абүл-Хасан Али б. Исмаил Ашъаринин көз карашын карманган Ахли сүннөт агымына берилген ысым.

Мазхабдын негиздөөчүсү Имам Ашъарий да ыйман маселесинде акылды жогору баалап, аят жана хадистер менен бирге акылга сыярлык далилдерди да колдонгон.

Ашъарийлик Муътазилага каршы пикирде ортого чыккан. Ашъарий аалымдары убакыттын өтүшү менен тавилге көп орун беришкен. Мезгил-мезгили менен калам илимине жаңылыктарды, өзгөртүүлөрдү киргизип, бул илимге философия менен атаандаша турган күч-кубат беришкен. Ашъарийа агымы Ахли сүннөттүн негизги принциптерин кабыл алуу менен, кээ бир пункттарда өзүнүн көз караштары да бар.

Сунни мусулмандарынын 13% түзгөн маликилердин дээрлик бардыгы жана шафийлердин 33% түзгөн төрттөн үчү жана ханафилер менен ханбалилердин өтө аз бөлүгү ашарийя агымын кабыл алышкан. алардын ишеними. Ашарийлик көбүнчө Андалусия, Хижаз, Түндүк Африка, Египет, Ирак, Сирия жана Индонезияда жайылган.

(Илму хаал -I, Дин иштери боюнча башкармалык)