Иьтикадий Мазхабтар. в) Матуридия:

Акаид боюнча Абу Мансур Мухаммед б. Мухаммед б. Махмуд ал-Матуридинин көз карашын кармангандар Ахли сүннөт жамааты деп айтылат.

Матуридиилик динди түшүнүүдө аят жана хадистер менен бирге акылды зарыл негиз катары кабыл алып, Имам Матуридиден кийин акырындык менен калам усулун өнүктүү иш аракети жанданган.

Матуридийлердин негизги көз караштарынын кээ бирлери төмөнкүлөр:

1. Диний кабар болбосо да, Алланы акыл менен табууга болот.

2. Жакшы менен жаманды, сулуу менен сулуу эмести акыл аркылуу билсе болот.

3. Кулдун өзүнүн жузьий эрки бар. Пенде өз каалоосу менен тандоо жасайт, Алла Таала пенденин тандоосуна жараша амалды жаратат.

Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү сунний мусулмандарынын кеминде жарымын түзгөн ханафийлердин басымдуу бөлүгү Матуридий мазхабын карманышат. Матуридий Түркия, Балкан, Орто Азия, Кытай, Индия, Пакистан жана Эритреяга тараган.

Негизинен түрктөр фикхта ханафий мазхабын, ишенимде Матуридий мазхабын карманышат.

(Илмихал-I, Дин штери бойунча башкармалык)