Ыйман негиздери А) Аллахка ишенүү: Алланын улуу сыпаттары: 2- Субутий сыпаттары:

1. Жашоо: Алла Таала тирүү. Ал бардык нерсеге, кургак жана өлүк топуракты тирилтүүчү. Ал түбөлүктүү жашоого ээ.

2. Илим: Аллах баарын билүүчү. Ал өтмүштү, болочокту, жашыруунду, ачыкты билет.

3. Самиь: Аллах Угуучу. Жашыруун, ачык, шыбырап, жай же катуу үн менен айтылбасын, Аллах баарын угат

4. Басар: Алла Таала баарын көрүп турат. Аллахтын назарынан эч нерсе жашыруун эмес.

5. Ираада: Аллах каалоочу. Аллах – макулуктардын жайгашкан жерлерин, абалын жана касиеттерин аныктоочу Зат. Аллах каалаган нерсе болот, каалабаган нерсе болбойт.

6. Кудурет: Аллах чексиз күч жана кудурет ээси.

7. Калам: Бул наам менен Алла Таала пайгамбарларына китептерди түшүрүп, кээ бир пайгамбарлар менен сүйлөшкөн. Каламдын түбөлүктүү сыпатынын табиятын биле албайбыз. Бул сөз тыбыштардан жана тамгалардан турган эмес.

(Илмухал-I, Дин иштери боюнча башкармалык)