Ыйман негиздери E) Акыретке ишенүү: Акырет этаптары

1. Тирилүү:

Тирилүү акыреттин маанилүү этаптарынын бири. Ахли сүннөт ишеними боюнча тирилүү денеде да, рухта да болот.

2. Тирилүү жана чогулуу

Хашир: Бул Аллахтын Кыяматтан кийин адамдарды эсепке алуу үчүн чогултуусу.

Махшар: Эсеп берүү үчүн чогулган жер махшар же арасат деп аталат.

3. Амал китептерин таратуу

Адамдар алардын эсеп-кысаптарын көрүү үчүн чогулган соң, аларга жер бетинде болгон амалдары жазылган амал китеби берилет.

Амал жазуулары бейиш ээлерине оң тараптан, тозоктуктарга сол тараптан же арт жагынан берилет. Дептери оң тараптан берилгендер «асхаабил-йемин», солдон же арт жактан берилгендер «асхааб-и шимаал» деп аталат. Дептерди оң тараптан берүү жакшы кабар, сол тараптан берүү азаптын жарчысы.

4. Эсеп кысап суроо

Адамдар амал китебин колуна алып, ошол китептен кылган амалдарын көргөндөн кийин Алла Таала тарабынан эсепке алынат. Эсеп жана сурак учурунда амал китебинен тышкары адамдын органдары жана жердеги жандыктар да адамдын кылгандарына күбө болушат.

(Илмухал-I, Түркия Дин иштери боюнча башкармалык)