Декандан сөз

Урматтуу студенттер,

Диндин тарыхы адамзаттын тарыхындай байыркы, тарыхта эч качан динсиз коом жана жамаат болгон эмес. Демек, теология билими адамзаттын тарыхында бардык коомдордун жана улуттардын жашоосунда маанилүү орунду ээлеп келген. Мектептердин пайда болушунда жана адамдардын мамилелерин калыптандырууда теологиянын ролун жокко чыгарууга болбойт.

Кыргыз элинин тарыхында жана каада-салтында теологиялык (диний) билим берүү жана окутуу ар дайым маанилүү орунда болуп келген. Мына ушундан улам Кыргызстанда теология тармагын көңүл сыртында калтырбай, диний билим берүүнү жана окутууну башынан эле эске алып, орто билим деңгээлинде Теологиялык колледждери жана жогорку окуу жай денгээлинде Теология факультеттери билим берүү системасында орун алган.

Учурда диний ишенимдердин инсанга жана коомго болгон таасири белгилүү. Эл аралык өнүгүү менен катар Кыргызстандын эгемендүүлүк процессинде дин маселеси дагы актуалдуу болуп калды. Бул жагдай диний билим берүү жана окутуу жагынан теология билимин алдыңкы планга чыгарды. Университеттердин ичинде теология факультетинин ордун, факультеттеги диний маалыматтардын сапатын жана  коомдогу функциясын эске алсак, факультетибиз өзгөчө орунду ээлейт.

Дүйнөдө дин өнүгүп келе жаткан баалуулук катары каралганда, Кыргызстанда дин чөйрөсүндө туура жана так маалыматтарды жеткирүү маанилүү орунда турат. Социалдык интеграцияны жана агартууну камсыз кылуучу, эмоционализмден жана салттан келген парадигмадан алыс, ошондой эле, жогорку окуу жайларда бакалавриат билимин берүүчү институт катары негизги булактарга таянган факльтетибизге муктаждык бар. Демек, Кыргыз-Түрк Манас Университетинин Теология факультети ар кандай илимий жана коомдук иш-чараларды жүргүзүү аркылуу, коомдун жана адамзаттын материалдык жана руханий өнүгүүсүнө салым кошот.

Урматтуу студенттер,

Факультетибиздин негизги максаты - Ислам дининин негизги булактарына жете алган, бул булактарды окуп, баалай алган, акыл дүйнөсүн калыптандырууда Ислам дининин негизги булактарын шилтеме катары ала билген, илимде жаралган жаңы ачылыштардан кабардар болгон, Теология тармагында өтмүштөн калган маалыматтарды мыкты өздөштүргөн, учурдагы коомдук баалуулуктарды сиңирген, маданий мурастарга өз алдынча баа бере алган, турмушту өз билими менен анализдеп, турмушта кездеше турган  көйгөйлөрдү  академиялык көз караш менен чече алган, эркин ой, эркин абийир жана билимге ээ болгон дин адистерин даярдоо болуп эсептелет. Ушундай маанилүү факультетте окуп, теология багытын тандаганыңыз үчүн сизге ыраазычылык билдиребиз.

Урматтуу студенттер,

Биздин милдетибиз билимди үйрөнүү жана жеткирүү гана эмес, биз ишенген жана үйрөнгөн баалуулуктарды биринчи кезекте өзүбүз үлгү катары жашоо жана жалпы адамзатка жеткирүү болуп эсептелет. Дин таануучулар биринчи кезекте ыкластуулук, берилгендик, татыктуулук, чынчылдык, адилеттүүлүк, ырайымдуулук жана ишеним сыяктуу негизги адеп-ахлактык сапаттар менен бирге; илим, маданият, эстетикалык жана коомдук жашоону көрктөндүрүү сыяктуу тармактарда өз динибизди эң татыктуу денгээлде жашап үлгү катары көрсөтүүгө милдеттүү. Бул жаатта барыбызга өзгөчө милдеттер жүктөлөт. Сиз өзүңүздүн билимиңизди жана аракетиңизди эң мыкты денгээлде ишке ашырасыз деп ишенебиз; Силердин илим сапарыңарда баардык ийгиликтерди багындырууңарды каалап кетмекчимин. Силер биздин көзүбүздүн карегисиңер жана бул өлкөнүн жаркыраган жылдызысыңар ...

Сиздерди терең урматтоо менен ...

 

 

Проф.Др. Хасан АЙЫК