Түркиянын Кыргызстандагы теология илимине кошкон салымы магистирдик жана PhD доктарнтуралык багытында илимий диссертациялар. (Доц.док Юсуф Гөкалп, кенже илимий кызматкерУланбек калмурза уулу)

Кыргызстанда эгемендүүлүк алгандан кийинки мезгилде Теологиялык билим берүү тармагында жаңы процесс башталган. Түркиянын бул тармактагы билимин жана өз ара кызматташтыгын бөлүшүү үчүн эки өлкөнүн Теология факультеттеринин ортосунда академиялык изилдөөлөр жүргүзүлө баштады.

Бул изилдөөдө Түркияга жогорку окуу жайды бүтүргөндөн кийин билим алуу үчүн барган студенттер тандаган бөлүмдөр, алар окуган университеттер, окуган тармактарынын мазмуну, ийгилик көрсөткүчтөрү, алардын билимин колдогон уюмдар жана алган стипендия түрлөрү, аяктаган жылдары жана чыккан студенттердин жынысы боюнча бөлүштүрүлүшү ж.б. аспектилерин талдап чыгууга багытталган. Мындай изилдөө Кыргызстандагы жогорку диний билим берүүнүн азыркы абалын көрүү жана келечекке план түзүү жагынан маанилүү деп эсептейбиз.

Бул изилдөөнүн өзгөчө Теология факультеттери жана бул тармактагы изилдөөлөрдү жана долбоорлорду колдогон TDV, YTB жана ТИКА сыяктуу мекемелери жана академик талапкерлер үчүн жол көрсөтүүчү болоорун үмүт этебиз.

Макаланын калган бөлүгү үчүн чыкылдатыңыз: http://isamveri.org/pdfdrg/G00017/2020_28/2020_28_GOKALPY_UULU.pdf