2023-03-28

Кыргыз элинин укуктук түшүнүгү жана ислам укугу (и.о. доц. док. Айтмамат Кариев)


21.02.2023-жылы и. о. доц. док. Айтмамат Кариев теология факультетинин профессордук-окутуучулук курамына жана аспиранттарына “Кыргыз элинин укуктук түшүнүгү жана ислам укугу” аттуу академиялык семинарын өткөрдү.

Кариев Кыргыздардын тарыхы, Исламды кабыл алуу процесси жана Исламга чейинки жана Исламдан кийинки укуктарды түшүнүү тууралуу айтып берди. Андан соң үй-бүлө укугунун алкагында Кыргыздардын ат коюу, акика, кудалашуу, махр, нике, үйлөнүү, камкордук жана никеден кийинки милдеттерин Ислам мыйзамдары менен салыштырып түшүндүрүп берди. Жыйынтыгында Кыргыздын каада-салттары менен Ислам мыйзамдарын салыштырганда алар көп учурда бири-бирине дал келип, Исламды кабыл алуу процессин тездеткен деп билдирди.