2023-03-29

Аялдар үчүн "Куттуу Рамазан" программасынын алкагында "Рамазан панели" өткөрүлдү (Окутуучу Миргүл Бекмурзаева)


23.03.2023-жылы Сатук Бугра Хан мечитинде аялдарга арналган «Мубарак Рамазан» программасынын алкагында «Рамазан панели» өткөрүлдү. Панелисттер ф.и.к., Дильноза Рахматиллаева «Рамазанга даярдык»,  Миргуль Бекмурзаева "Орозонун пайдасы", кенже илимий кызматкер Жазгул Жолалиева "Рамазан айынын тарбиялык аспектилери, кенже илимий  Алтынай Курманбекова "Рамазан жана Куран" деген темада маек курду. Панель чоң кызыгуу менен байкалып, жалпысынан 250 угуучу катышты. Жыйындын соңунда угуучулардын суроолоруна жооптор берилди. Активдүү катышкандарга жана панелисттер даярдаган суроолорго туура жооп бергендерге белектер тапшырылды.