2023-05-04

Аялдар үчүн "Брекелүү Рамазан" программасы: "Кадыр түнгө даярдык" аттуу семинар (Алтынай Курманбекова)


КТМУ Сатук Бугра Хан мечитинде аялдарга арналган "Берекелү Рамазан" программасы уланууда. Программанын алкагында Теология факультетинин илимий кызматкери Алтынай Курманбекова 16.04.2023-жылы “Кадыр түнгө даярдыктар” аттуу семинар өткөрдү. Семинар зор кызыгуу менен отту. Сөз соңунда семинарга активдүү катышып, баяндамачынын суроолоруна жооп берген катышуучуларга чакан белектер тапшырылды. Семинардан кийин жооп берилип, андан соң теология факультетинин студент кыздары бүтүргөн хатмин дубасы окулду. Аялдар үчүн "Мубарак Рамазан" программасы Рамазан айынын аягына чейин уланат.