2023-05-30

Куран жарыш аземи 2023


Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин теология факультетинин “Калем” студенттик жамааты тарабынан “Момундун жүрөгүн нуру менен жарык кылган Куран” аттуу таймаш  өттү. Бул жарышта Куранды жагымдуу үн менен окуу жана аны көбүрөөк жаттоо аркылуу Алланын сөзүн түшүнүүнү жайылтуу максат кылынган. Жарышуу КТМУ теология факультетинин студенттери үчүн болуп, 2023-жылдын 6-апрелинде Куранды кооз окуу жана 2023-жылдын 17-майында Куранды көркөм окуу деген эки башка номинацияда өткөрүлдү. Калыстар тобунун мүчөлөрүнүн баалоосунун жыйынтыгында Куранды жакшы окуу номинациясында Сайфидин Ибаримов биринчи, Арсланбек Абдувалиев экинчи болду. Жаттоо категориясында Нуржигит Тургуналиев биринчи, Рамис Мурзалиев экинчи жана Нурмат Изат уулу үчүнчү болду. 25.05.2023 күнкү аземде жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды. Бекназар Жаныбеков, «Калем» ийриминин жетекчиси, теология факультетинин деканы проф. док. Хасан Айык сөз алып, жарышманы уюштурган студенттер жамаатынын мүчөлөрүн жана жарышка катышып жаткан студенттерди куттуктады.