2023-12-07

«Кыргыз макалдарындагы үй-бүлө»


29.11.2023-жылы 2023-2024-окуу жылынын күзгү семестринин академиялык семинарлар  алкагында лектор Миргүл Бекмурзаева “Кыргыз макал-лакаптарындагы үй-бүлө” темасында баяндама жасады. Ал баяндамасынын кириш сөзүндө үй-бүлө түшүнүгүн түшүндүрүп, үй-бүлөнүн маанилүүлүгүнө далил катары Курани Каримден аяттарды жана хадистерди келтирди. Андан соң кыргыз макал-лакаптарынын негизинде үй-бүлө куруунун мааниси, жар тандоодо эске алынчу маселелер, үй-бүлөлүк жашоонун уландысы жана бактылуу болуунун сырлары, бала тарбиясы, ата-энени сыйлоо маселелерине токтолду. Баяндамасынын корутундусунда макал-лакаптар тарыхтын элнгинен өткөн тажрыйбалардын жемиши катары өтө баалуу булак экенин, ошондуктан ар тараптан болгондой эле үй-бүлөлүк турмушта, бала тарбиялоодо алардан пайда алуу зарыл экендигин айтып, баяндамасын жыйынтыктады.

Программанын соңунда теология факультетинин деканы проф. док. Хасан Айык агай Миргүл Бекмурзаевага жасаган баяндамасы үчүн терең ыраазычылык билдирип, ыраазычылык баракчасын тапшырды.