2024-02-26

Илму Хаал сабагына киришүү


2023-2024-окуу жылынын жазгы мезгилинин алкагында коомдук иш-чаралар сериясы, 16.02.2024-ж. саат 14:00 до. Миргүл Бекмурзаева «Илму хаал сабагына киришүү», кенже илимий кзматкер Жазггүл Жолалиева «Теология факультети программасы» жана Дильноза Рахматтиллаева «Билимден мурун адептүүлүк» деген темада баяндама жасашты. Презентацияга КТМУнун теология факультетинин жана башка факультеттердин студент кыздары катышты. Студенттер тарабынан негизги диний маселелер боюнча суроолор берилип, жооптор берилди.

Семинардын максаты студент кыздарга ыйман, ибадат, адеп-ахлак боюнча кеңири маалымат берүү жана башка диний маселелер боюнча билиминин жетишсиздигин жоюу болду.

Семинар ар жума күнү саат 14:00дө "Илму хаал сабагына киришүү" аталышында семестрдин аягына чейин уланат. Кийинки программаны теология факультетинин 4-курсунун студенттери улантат.