2024-03-07

РАМАЗАН ПАНЕЛИ


2024-жылдын 6-мартында Касым Тыныстанов атындагы жыйындар залында өткөрүлгөн Рамазан панели КТМУнун теология факультети тарабынан «Социалдык жоопкерчилик» долбоорунун алкагында өткөрүлдү. Панелде өз тармагынын адистери орозонун түрдүү аспектилерин талкуулап, катышуучулар менен маалымат бөлүшүштү.

Коллегиянын модератору КТМУнун теология факультетинин Ислам илимдери бөлүмүнүн башчысы, проф. док. Бекир Татлы: Рамазан айынын руханий атмосферасына басым жасаган  «Орозо айы бою Манас телевидениеси жана Манас радиосу аркылуу ифтар жана сахар сааттарында атайын программаларыбызды сиздерге тартуулайбыз»,-деди. деди.

Коллегиянын алгачкы баяндамасын теология факультетинин деканы проф. док. Хасан Айык «Орозонун адеп-ахлактык жагы» аттуу баяндамасы менен орозонун адамдын адеп-ахлактык өнүгүүсүнө тийгизген таасирлерин кеңири түшүндүрдү.

Теология факультетинин деканынын орун басары, доц. док. Бакыт Мурзараимов «Диндердеги Орозо» аттуу баяндамасында диндердин окшоштук жана айырмачылыктарына басым жасап, маанилүү маалыматтар менен бөлүштү.

И.о. доц. док. Айтмамат Кариевдин “Орозонун фикх жоболору” аттуу баяндамасы угуучуларды орозонун фикхтик чен-өлчөмдөрү менен тааныштырды.

КТМУнун шейиттери Эрен Бүлбүл ден соолук борборунун дарыгери Гүлфия Губайдуллина «Орозо жана ден соолук» аттуу баяндамасында орозонун ден соолукка тийгизген оң таасирин талкуулоо менен сергек жашоонун жана туура тамактануунун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Иш-чара студенттердин, окумуштуулардын жана кызыккан катышуучулардын ортосунда интерактивдүү кырдаалда өтүп, баяндамачылардын чын ыкластуу жана мазмундуу баяндамалары абдан жогору бааланды.

Панель катышуучуларга сертификаттарды тапшыруу менен аяктады.

https://manas.edu.kg/tr/news/4994