2024-10-31
Кыргызстанда тыюу салынгандиний жамааттар
Шейшемби күнү, 2024-жылдын 30-октябрында, саат 14.00 КТМУда Кыргыз Республикасынын ИИМнин мыйзамсыз миграция жана диний экстремизмге каршы күрөшүү башкармалыгынын өздүк курамы, полковник Турсунбеков «Кыргызстанда тыюу салынган диний жамааттар» деген темада семинар өткөрдү. программага теология факультетинин окутуучулары, административдик кызматкерлери жана студенттер катышты. Баяндамачы бүгүнкү күндө Кыргызстанда башка динге ишенгендер аз болсо да, калктын басымдуу бөлүгү мусулмандар түзөрүн статистикалык маалыматтар менен бөлүшүп, бүгүнкү күндө тыюу салынган диний жамааттар тууралуу маалымат берди. Ал катышуучулар тарабынан берилген суроолорго жооп берди. Программанын соңунда КТМУнун теология факультетинин деканы проф. док. Хасан Айык агай баяндамачыга Кыргыз милициясынын 100 жылдык мааракесине карата ыраазычылык баракчасын тапшырды.