2024-жылдын 11-декабрында, шаршемби күнү саат 15.30да КТМУнун Теология факультетинин Ислам илимдери кафедрасынын башчысы доц. док. Наил Карагөз теология факультетинин студенттерине «дипломдук ишти кантип жазуу керек-1» деген темада семинар өткөрдү. Семинарда дипломдук иштин темасын тандоо, чектөө, методу, убактылуу план жана убактылуу булакты түзүү, окуу жана жазуу, андан соң дипломдук ишти жазуу баскычы боюнча маалымат берилди. Диссертацияны жазуу баскычына келгенде, тиешелүү булактар сканерден өтүшү керек жана алынган маалымат так көрсөтүлүшү керектиги баса белгиленди. Ал шилтеме катары колдонулган булактарды колдонууда университетибиз аныктаган диссертацияны жазуу боюнча колдонмого ылайык жазылышы керектигин айтты. Мындан тышкары, ал дипломдук ишти жазууда эске алынышы керек болгон жалпы эрежелер тууралуу кеңири маалымат берди. Семинардын аягында студенттердин суроолоруна жооптор берилди.