2025-жылдын 18-февралында, шейшемби күнү, саат 15:30да Кыргыз-Түрк Манас университетинин Теология факультетинде академиялык семинар өткөрүлдү. Семинарды Теология факультетинин окутуучусу, Ислам илимдери бөлүмүнүн башчысы, доцент доктор Наил Карагөз өткөрүп, «Матуридинин Акылчылдыгы» темасын талкуулады.
Программага Теология факультетинин деканы, профессор доктор Хасан Айык, Кыргыз-Түрк Манас университетинин ректорунун кеңешчиси, профессор доктор Кемал Полат, академиялык жана административдик кызматкерлер, ошондой эле университеттин студенттери катышты.
Спикер Ислам ой жүгүртүү мектебинин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири болгон Матуриди жана анын акылчылдыгы жөнүндө сөз кылды. Ал илимий баянында акыл менен аяндын (вахинин) байланышын түзүү жана акылдуулукту колдоо Ислам илимдеринин маанилүү багыты экенин белгиледи. Матуриди ыйык билдирүүлөрдү туура түшүнүүдө акылды негизги курал катары кабыл алгандыктан, аны жетекчи катары кароо керектигин айтты.
Семинардын соңунда катышуучулардын суроолоруна жооп берилди. Андан кийин Теология факультетинин деканы Наил Карагөзгө баалуу баяны үчүн ыраазычылык билдирип, ага катышуу сертификатын тапшырды.