2025-02-24

Ханафийлердин Акылга негизделген ажырымдары


Кыргыз-Түрк Манас университетинин Теология факультетинде социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында 2025-жылдын 20-февралында “Ханафийлердин Акылга негизделген ажырымдары” аттуу иш-чара өттү. Кызматкерлердин билим берүү программасына ылайык уюштурулган иш-чараны доцент, доктор Наиль Карагөз алып барды. Түрдүү мекемелерде иштеп жаткан Теология адистигин бүтүргөндөр жана дин кызматкерлеринин кесиптик билимдерин жаңыртуу, диний негизги темалар боюнча туура жана илимий маалымат берүү, диндин туура жана туруктуу түшүнүгүн түзүү максатында уюштурулган иш-чарада Ханефийлик ичиндеги ишеним боюнча ажырымдар жана алардын себептери талкууланды. Иш-чарада Ханефийликтин Михне мезгилинен кийинки абалы, саясатка карата мамилеси, акылга орун берүү же бербөө сыяктуу ички ажырымдарынын себептери жөнүндө сөз болду.