2025-02-26

Таажы кийгизүү аземи


2025-жылдын 21-февралында, саат 14:00дөн 15:30га чейин, КТМУнун Теология факультетинин окутуучусу Миргүл Бекмурзаева тарабынан Теология факультетинин Абу Ханифа амфисинде факультеттин кыз студенттери жана алардын ата-энелери үчүн “Таажы кийгизүү аземи” аттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул иш-чаранын максаты студенттердин Куранга болгон сүйүүсүн жана берилгендигин күчөтүү, ошондой эле аларды колдоо менен келген ата-энелерине жана туугандарына руханий дем берүү болуп саналат.

Иш-чара 2-курс студенти Орозбек Бейшеналиевдин Куран окуусу менен башталды. Факультеттин катчысы Руфия Хисамутдинова жана урматтуу ректорубуздун жубайы, профессор доктор Незахат Жейлан ачылыш сөздөрүн сүйлөштү. Иш-чара Куран тууралуу таанытуу видеосу  суроо-жооп жана оюн менен уланды. Андан соң, иш-чарага катышкан 47 кыз студентке таажы кийгизилип, факультет тарабынан Куран белекке берилди. Ошондой эле, 2-курс студенттери аларды Куран окууга өтүшү менен куттуктап, белектерин тапшырышты.

Факультеттин кыз студенттери жана ата-энелери катышкан бул иш-чарага 120га жакын адам келип, чоң кызыгуу менен катышты. Урматтуу ректорубуздун жубайы, профессор доктор Незахат Джейлан бул иш-чарадан абдан ыраазы болгонун жана ар дайым биз менен бирге болуудан кубаныч аларын билдирди. Акырында, бардык катышуучуларга жана конокторго торт жана чай тартууланып, иш-чара жыйынтыкталды.