2025-03-04

"Рамазан" панели


2025-жылдын 27-февралы, бейшемби күнү саат 16:00дө, КТМУнун Теология факультетинде жазгы семестрдин социалдык иш-чараларынын алкагында жана жыл сайын Рамазан айында өтүүчү салтка айланган Сатук Бугра Хан мечитинде аялдар үчүн  Рамазан айы боюнча панел өткөрүлдү. Бул панелдин спикерлерлери: окутуучу Бекмурзаева Миргүл "Орозонун пайдалары", кенже илимий кызматкер PhD  Жолалиева Жазгүл  "Рамазанда руханият", кенже илимий кызматкер Курманбекова Алтынай  "Рамазан жана Куран", Рахматиллаева Дилноза  "Ахлак" жана Тагаева Эльвира  "Орозонун фыкхтык тарабы" деген темалар боюнча докладдар жасашты. Эки саатка созулган панелде катышуучуларга суроолор берилди жана туура жооп бергендерге белектер тапшырылды. Андан кийин угармандарга курма, Замзам суусу таратылды. Иш-чарага болжол менен 280-300 адам катышты.

Аялдарга багытталган бул панел Сатук Бугра хан мечитинде Рамазан айынын аягына чейин улантылары, ар бир жума сайын университеттин кыздар студенттеринин жана калк арасында диний темалар боюнча пайдалуу маалыматтар алуу үчүн, Теология факультетинин окутуучуларынын, магистратура жана докторантура студенттеринин билимдеринен пайдаланышуу мүмкүнчүлүгү берилери белгиленди жана панел аяктады.