2025-жылдын 17-апрелинде КТМУнун Теология факультети спорт тармагында дагы бир чоң ийгиликке жетишти. Университет боюнча өткөрүлгөн үстөл тенниси боюнча турнирде, жигиттер жана кыздар категориясында Иlahият факультети биринчи орунду ээледи.
Көптөгөн факультеттердин ичинен Иlahият факультетинин студенттери жогорку чеберчилиги жана адептүүлүгү менен айырмаланды. Финалдык беттештерде атаандаштарын жеңип өтүшкөн студенттерибиз факультетине кош кубаныч тартуулашты.
Факультеттин деканы профессор доктор Хасан Айык өз сөзүндө: “Биз студенттерибиз менен алардын академиялык ийгиликтери эле эмес, спорттук жетишкендиктери үчүн да сыймыктанабыз. Спорттун бириктирүүчү жана тартипке үйрөтүүчү жагын дайыма колдойбуз,” — деп белгиледи. Факультет жетекчилиги спортчу студенттерди куттуктап, мындан аркы ийгиликтерди каалашты.