2025-06-26

“Матуридинин сүннөттү түшүнүүсү” аттуу академиялык семинар


Шаршемби күнү, 2025-жылдын 18-июнь күнү, саат 11:00дө КТМУнун Теология факультетинин окутуучусу Сабыр Мураталиев “Матуридинин сүннөттү түшүнүүсү” аттуу семинар өткөрдү.

Семинарда сунниттик теология мазхабдарынан болгон Матуридия дининин сүннөт түшүнүгүнө болгон мамилеси кеңири талкууланды. Мураталиев имам Матуриди сүннөткө маалымат булагы катары кандай баа бергенин, анын Куран менен болгон байланышын, аны фикх менен хадистин алкагында кандай жайгаштырганын тарыхый жана усулдук өңүттөн айтып берди.

Катышуучулардын көңүлүн бурган семинар суроо-жооп менен жыйынтыкталды.