2025-жылдын 19-ноябрында, шаршемби күнү саат 15:00дө КТМУнун Теология факультетинде Нигде Омер Халисдемир университетинин Теология факультетинин окутуучусу д-р Мухаммет Берат Жан «Араб тилинин ислам илимдерин үйрөнүүдөгү мааниси» темасында семинар өткөрдү.
Окумуштуулар жана студенттер кеңири катышкан иш-чарада араб тилинин ислам илимдерин туура түшүнүүдө жана негизги булактарга саламат кайрылууда ээлеген өзгөчө мааниси белгиленди.
Өз сөзүндө д-р Мухаммет Берат Жан араб тилинин жөн гана байланыш куралы эмес экенин, Куран, хадис, фыкых, тафсир жана башка негизги исламий булактарды туура түшүнүү үчүн маанилүү ачкыч экенин айтты. Ошондой эле араб тилин окутуунун методикасы, кезигүүчү кыйынчылыктар жана студенттер тилди натыйжалуу колдонушу үчүн пайдалуу стратегиялар жөнүндө баяндады.
Семинардын соңунда катышуучулардын суроолоруна жооп берилип, араб тилин үйрөнүүнүн узак мөөнөттүү илимий иштерге тийгизген оң таасири баса белгиленди. Программа ыраазычылык барагын тапшыруу жана эстеликке сүрөткө түшүү менен жыйынтыкталды.

