2021-12-16

“Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин теология факультетинин түзүлгөнүнүн 10 жылдыгы” аттуу панелдик жыйын болуп өттү.


Панель 2021-жылдын 15-декабрында Касым Тыныстанов атындагы залда Түркия Республикасынын Бишкектеги элчилигинин Дин иштери боюнча кеңешчиси Мeрсел Өзтүрк, ректор проф. док. Алпаслан Жейлан,1-проректор проф. док. Асылбек Кулмырзаев, ошондой эле академиктердин жана студенттердин катышуусунда өттү.
Панельдин ачлыш алдында факультетибиздин бүтүрүүчүсү Абдимухамет Рысалиев Курани окуусу менен башталды. Андан соң мамлекеттик гимндер аткарылып, Теология факультетинин жарнамалык тасмасы көрсөтүлдү.
Ректор проф. док. Алпаслан Жейлан ачылыш сөзүндө Университетибизде Теология факультетинин чоң мааниге ээ экенин жана мындан ары Теология факультетинин ишмердүүлүгүн толук кандуу колдоп, керектүү бардык муктаждыктар толуктаарын айтып өттү. Теология Факультети Университетти бардык жерде ийгиликтүү көрсөтүп жатканын баса белгилеген Алпаслан Жейлан бул жетишкендиктер менен сыймыктана турганын билдирди.