2026-02-05

«Ясин сүрөсүнүн пазилеттери» аттуу семинар өткөрүлдү


Факультетибиздин 2026-жылдагы социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында 2026-жылдын 5-февралында айымдарга арналган «Ясин сүрөсүнүн пазилеттери» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинар КТМУ Теология факультетинин кызматкери Жамила Жораева жана кыз студенттер тарабынан уюштурулду. Иш-чарада Дордоева Жаркынай «Ясин сүрөсүнүн фазилети» темасында баяндама жасады.

Семинарда Ясин сүрөсү Курандын жүрөгү деп аталганы, Пайгамбарыбыз ﷺ: «Ар бир нерсенин жүрөгү бар, Курандын жүрөгү — Ясин» деп анын маанилүүлүгүн белгилегени айтылды. Классикалык ислам булактарында бул сүрөнүн «Курандын жүрөгү» деп аталышы анын мазмунунун борбордук маанисин жана терең концептуалдык маңызын көрсөтөрү белгиленди. Ошондой эле тафсир адабияттарында Ясин сүрөсүн окуу адамдын руханий аң-сезимин жогорулатып, адеп-ахлактык жоопкерчилик сезимин бекемдей турганы тууралуу пикирлер бар экени айтылды. Бул жагынан алганда, Ясин сүрөсү жеке диндарлыктын да, коомдук диний аң-сезимдин да калыптанышында маанилүү сүрө экени баса белгиленди.

Семинардын соңунда катышуучуларга сый-тамак тартууланды. Иш-чарага болжол менен 100 айым катышып, чоң кызыгуу менен угушту. Жооптуу кызматкерлер бул программа ар жуманын бейшемби күнү ошол эле убакытта улантыларын билдиришти.