2026-03-27

Таажы кийгизүү аземи


Факультетибиздин 2026-жылдагы социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында 2026-жылдын 26-мартында айымдарга арналган Куран курсунда окуган студенттер үчүн «Таажы кийгизүү аземи» өткөрүлдү.

Программа КТМУнун Теология факультетинин кызматкери Жамила Жораеванын координациясы менен уюштурулду. Ар түрдүү жаш курактагы студенттер катышкан бул иш-чарада кыска убакыттын ичинде Куран Карим окууну үйрөнгөн студенттердин аракетчилдиги жана тырышчаактыгы жогору бааланды.

Болжол менен бир жарым ай сыяктуу кыска убакытта Куран окууну үйрөнгөн студенттер азем учурунда таажы кийгизилип сыйланышты. Аземдин жүрүшүндө студенттердин кубанычы жана толкундануусу айкын көрүнүп, ата-энелер жана катышуучулар да бул маанилүү жетишкендикке орток болушту.

Иш-чарага катышкан профессор, доктор Незахат Жейлан студенттерди өз-өзүнчө куттуктап, алардын жетишкендиктерине ыраазы экенин билдирип, сүйлөгөн сөзүндө Куран билиминин адамдын руханий өнүгүүсүндөгү маанисине өзгөчө токтолду.

Азем студенттер менен эстелик сүрөткө түшүү жана катышуучулардын жакшы тилектери менен жыйынтыкталды.

Программага болжол менен 400 айым катышып, чоң кызыгуу менен байкоо жүргүзүштү. Иш-чаранын соңунда катышуучуларга даам сунушталды.