Факультетибиздин практика комиссиясынын мүчөлөрү Бишкек түрк Имам Хатип орто мектебинде практикасын өтөп жаткан студентебиздин ишмердүүлүгүн жеринде байкап, баалоо максатында иш сапар менен барышты.
Сапардын алкагында студенттин сабак өтүү процесси, окутуу ыкмалары жана кесиптик өнүгүү деңгээли кеңири каралды. Практика процесси мугалим болууга даярданып жаткан студенттердин теориялык билимдерин практикага айландырууда өзгөчө мааниге ээ экени баса белгиленди.
Комиссия мүчөлөрү студенттин көрсөткөн жыйынтыктарына жана кесиптик өсүшүнө канааттангандыгын билдирип, жеринде байкоо жүргүзүү жана кайтарым байланыш берүү процесстеринин мугалим даярдоодо маанилүү роль ойной турганын белгилешти.
Бул иш сапар факультетибиздин билим берүүнүн сапатын жогорулатууга багытталган аракеттеринин жана практикага негизделген мугалим даярдоо концепциясынын айкын көрсөткүчү болду.

