Факультетибиздин 2026-жылдагы социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында 2026-жылдын 14-апрелинде университет студенттерине арналган «Никенин негизи: жубай тандоо» аттуу семинар өткөрүлдү. Семинар КТМУ Теология факультетинин кызматкери Жамила Жораеванын координациясы менен уюштурулду.
Семинарда Бегимай Нурланова никеде бактылуулуктун жана туруктуулуктун эң маанилүү фактору туура жубай тандоо экенин белгиледи. Бул процесс бир гана сезимге эмес, ошондой эле баалуулуктардын шайкештигине, баарлашуу жөндөмүнө жана өз ара түшүнүшүүгө негизделиши керектигин айтты.
Ал бүгүнкү күндө адамдардын аң-сезимдүү тандоосу маанилүү болуп жатканын белгилеп, жалпы максаттар, жоопкерчилик, урмат-сый жана ишеним сыяктуу факторлор да эске алынышы керектигин баса белгиледи. Ошондой эле жубай тандоо шашылыш чечилбеши керектиги жана Пайгамбарыбыз (с.а.в.) белгилегендей диндар адамды тандоонун мааниси тууралуу маалымат берип, семинар жыйынтыкталды.


