2026-04-16

Куранда суйлоо адеби


Кыргыз-Түрк Манас университетинин Теология факультети тарабынан 2026-жылдын социалдык жоопкерчилик иш-чараларынын алкагында айымдарга арналган «Курандагы сүйлөө адеби» аттуу семинар уюштурулду. 2026-жылдын 16-апрелинде факультетибиздин кызматкери Жамила Жораеванын координаторлугунда өткөрүлгөн иш-чарага студенттер чоң кызыгуу менен кабыл алынды.
Семинарда сөз сүйлөгөн Жибек Кенжебек кызы баарлашууда туура жана таасирдүү тил колдонуу маселесине токтолду. Программада Курандын адамдарга кайрылуудагы усулу аркылуу чынчылдык, сылыктык жана жоопкерчилик сыяктуу негизги адеп-ахлактык баалуулуктар баса белгиленди.
Сөздүн адамдар ортосундагы мамиледеги маанилүү ордуна көңүл бурулган семинарда орой жана көңүл ооруткан сөздөрдөн алыс болуу жеке тынчтык жана коомдук ынтымак үчүн чоң мааниге ээ экени айтылды. Айрыкча жаштардын баарлашуу маданиятында аң-сезимдүү болуусу зарыл экени, бул адептик принциптерди бетме-бет гана эмес, санариптик чөйрөдө да сактоо керектиги белгиленди.
Болжол менен 80 студент катышкан программа чоң кызыгуу менен өттү. Семинардын соңунда катышуучулар күнүмдүк жашоодо урмат-сыйга жана адеп-ахлакка негизделген баарлашуунун мааниси тууралуу пайдалуу маалыматтарды алышканын билдиришти.
Семинар катышуучуларга сый тамак берүү менен жыйынтыкталды.